2013-жылдын 4-декабрында «Манас», «Семетей», «Сейтек» үчилтиги ЮНЕСКОнун «Адамзат маданиятынын материалдык эмес маданий мурастарынын» тизмесине кирген. Ушундан улам 2015-жылы өкмөттүн токтому менен 4-декабрь “Манас” эпосунун күнү деп жарыяланып, белгиленип келет.
Эск-депутат Карганбек Самаков кыргыз элин куттуктады:
— Урматтуу Мекендештер!
Кадырлуу Манас атанын урпактары!
4-декабрь — Улуу Манас күнү менен куттуктаймын!
Ар дайым бар болгула! Бактылуу болгула!
Эске сала кетсек, Карганбек Самаков «Манас» үчилтигин жана улуттук дөөлөттөрдү ЮНЕСКОго каттатып, дүйнөгө таанытууга салым кошкон.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы