Нуржамал СУЛТАНБЕКОВА: «Аяган жок, балтыр бешик баланы, Мээрим төгүп энекеси эмизген…»

Нуржамал СУЛТАНБЕКОВА: «Аяган жок, балтыр бешик баланы, Мээрим төгүп энекеси эмизген…»

Түркия менен Сирия чектешкен аймакта ушул жылын 6-февралында таңга жуук күчү 7,8 баллга жеткен зилзала болгон. Жер титирөөдөн каза болгондордун саны Түркияда 42 миң 310го жеткенин Түркиянын апааттарды алдын алуу жана кесепеттерге каршы күрөшүү башкармалыгы (AFAD) билдирген. Тилекке каршы, бул сан өскөн… 385 000 там кыйрап, көптөгөн имараттар зыянга учураганы, дайыны табыла элек адамдар да миңдеп саналып жатканы айтылган жана азыр дагы жазылууда…

Үрөйдү учурган кандуу окуяны уккандан бери жүрөк ыйлап, жан сыздап… Акындарыбыз азыркыга чейин ыр жазышууда…

Токтогулда жашап жаткан Нуржамал Султанбекова акын эжебизден редакциябызга эки ыр келип түштү… Окуп алып, көздөн жаш кылгырды… 

АЛТЫН ЖАНЫН ЧАПКАНДАР КӨП САДАГА

Жер силкинди, тынч мемиреп жатканда,
Үйлөр кулап, чыкты чаңы асманга.
Гүл өмүрлөр, соолуп калды карангүн,
Аралашып өзү жыйнап тапканга.

Билсек дагы, бул өмүрдүн ченемин,
Билмек белек, ач ажалдын себебин.
Жараткандын жазуусу деп кейидик,
Мындай мүшкүл болбосунчу эгерим.

Миң-миңдеген адам өлүп жатканда,
Азгырылба, арам байлык тапканга.
Көрүп турат Кудай баарын самактап,
Көрсөтпөстөн көмүскөгө катсаң да.

Келсин десең, бейпил жашоо жакында,
Пейилди оңоп, ааламатты чакырба.
Эгер дүйнө, сактай алса адамды,
Өлбөй калмак, мүрт кеткендер асыл баа.

Алтын, жакут, акчасына караба,
Буюрубаган байлык калды талаада.
«Мага кантип буйрусун» деп коркпостон,
Алтын жанын, чапкандар көп садага!

ААЛАМАТТЫН ТАСТЫКТАГАН КҮМӨНҮН

Аяган жок, балтыр бешик баланы,
Мээрим төгүп энекеси эмизген.
Түбөлүккө кетти алсыз наристе,
Буламык жок, күндөгүдөй жегизген.

Барбай калды, балжуурандар бакчага,
Жетине албай, ата-энеси кубанган.
Башы-көзү урунгандай аскага,
Колу-буттары талкаланып чубалган.

Томсорушту күлкүлөрү жоголуп,
Класс ичи, муңга батып кайгылуу.
Жарык чачпай, күндүн бети торолуп,
Жан сыздатты, теңтуштардан айрылуу.

Кыз-жигиттин таш капкандай тилеги,
Асыл ойлор, калды бекем тосулуп.
Экөөнүн тең сокпой токтоп жүрөгү,
Арбактарга кетти бирге кошулуп.

«Балдарым»деп эт-жүрөгү эзилген,
Эне жатты, тостун басып суналып.
Карегинде калды ошол көз ирмем,
Балдарынын амандыгын суранып.

Карай берип, урандынын арасын,
Канчалардын каректери талыды.
Караан калгыр, бул күндөрдүн азабы,
Алчуудай го, тирүү сууруп жаныңды!

Капаландым каргашанын күчүнө,
Канчалардын зыркыраткан жүрөгүн.
Катар-катар жатат өлүк тизиле,
Ааламаттын тастыктаган күмөнүн.

Нуржамал СУЛТАНБЕКОВА (24.02.2023)

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.