Айлана-чөйрөнү булгануудан коргоого арналган соттук коллоквиум өтүүдө. Ага Жогорку сотунун төрагасы катышууда…

Айлана-чөйрөнү булгануудан коргоого арналган соттук коллоквиум өтүүдө. Ага Жогорку сотунун төрагасы катышууда…

Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков жана судья Дилара Арстанбаева соттук коллоквиумга жана Орхус Конвенциясынын алкагында сот адилеттигине жетүү боюнча максаттуу топтун XV отурумуна катышууда.

Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди. Алардын маалыматына караганда, иш-чарага дүйнөнүн 20дан ашык өлкөсүнүн сот жана прокуратура органдарынын өкүлдөрү катышууда. Швейцариянын Женева шаарындагы Улуттар сарайында адамдын укуктарын жана коомдук таламдарын айлана-чөйрөнү химиялык заттар жана калдыктар менен булгануудан коргоого арналган соттук коллоквиум өтүп жатат.

Максаттуу топтун XV отурумунун жүрүшүндө, катышуучулар климаттын өзгөрүшү, биологиялык ар түрдүүлүктү коргоо жана энергетика менен байланышкан иштер боюнча сот адилеттигине жетүү маселелерин талкуулашат. Катышуучулар ошондой эле  бул багытта тажрыйба алмашуу жана көз карандысыз экологиялык экспертизага жетүү, кароо процедураларына жетүү боюнча маалыматты жайылтуу, тиешелүү маалыматтарды жана статистиканы чогултуу, электрондук сот адилеттигинин демилгелерин, заманбап санариптик технологияларды жана башкаларды колдонуу менен тиешелүү соттук практикага жетүүгө  байланышкан маселелерди карашат.

Гүлгаакы ЖАКЫПОВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.