Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жана жергиликтүү сотторунун судьялары жана аппаратынын кызматкерлери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын сот тутумунун ардагерлери Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо райондук сотунун төрагасы Бердыбаев Бакбуркан Асанкановичтин мезгилсиз дүйнө салгандыгына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтышат.
Бердыбаев Бакбуркан Асанканович 1961-жылы Чүй облусунун Москва районунун Сретенка айылында туулган. Сот тутумундагы эмгек жолун 1995-жылы Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунда консультант кызматында баштаган. 2016-жылы Нарын облусунун Ат-Башы райондук сотунда судья, андан соң төрага болуп эмгектенген.
2020-жылы Бишкек шаарынын Ленин райондук сотуна ротацияланган. Ал эми 2022-жылдын 30-апрелинен баштап Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо райондук сотунун төрагасы болуп иштеп жаткан.
Бердыбаев Бакбуркан Асанкановичтин үй-бүлөсүнүн, туугандарынын жана жакындарынын орду толгус аза кайгысын тең бөлүшөбүз.
Жогорку Соттун басма сөз кызматы