Чиновниктерди селт эттирген «ПолитКлиника» 10 жашта… Алар баскан жол (ВИДЕО)

Чиновниктерди селт эттирген «ПолитКлиника» 10 жашта… Алар баскан жол (ВИДЕО)
 «Жакшы көрөмүн го?!»
«ПолитКлиника» онлайн басылмасынын эмгек жамааты 4 күндөн бери куттуктоо угуп, кубанып турган чагы. Себеп дегенде алар 10 жашка чыкты.
2013-жылдын 28-мартында «ПолитКлиника» гезитинин биринчи саны жарык көргөн. Аны негиздеген кесиптешибиз, мыкты журналист Дилбар Алимова. Ал бир башкача, өзгөчө гезит чыгарган. Бул гезитте бир аз иштеп калгам…

Устат-шакирт…

Дилбар менен алгач «Де-факто» гезитинен таанышкам. Ошондо эле калеми күчтүү болчу. Устаты “Де-факто” гезитин негиздеген, учурда үй-бүлөсү менен Швейцарияда жашап, иштеп жаткан, Булан институтунун директору Чолпон Орозобекова. Жакында эле Чолпондун англис тилинде жарыкка чыккан Foreign fighters and International peace (Чет элдик согушкерлер жана дүйнөдөгү тынчтык) аттуу китеби Бишкектеги ОБСЕ академиясында (28-мартта)  талкууланды… Ага катышкандан кийин, 31-мартта шакиртинин 10 жылдык мааракесине катышып, Дилбар менен сыймыктанарын айтты. 
Дилбар Алимованын учурда кыргыз журналистикасында өзгөчө орду жана чоң ролу бар. Себеби, ал кыргыз журналистикасында бийик стандарттын, профессионалдуулуктун жана тазалыктын калыптанышы үчүн күрөшүп келатат. Бийик үлгү болуп келатат. Акчага сатылган, ар кимге кызмат кылган жеңил-желпи журналист сөрөйлөргө биздин кесиптеги бийик стандартты көзгө сайып көрсөтүп атат.
Журналист деген атка татыктуу болуш үчүн кандай иштеш керектигин далилдеп атат. Экинчиден, чыныгы көз карандысыз медианы нөлдөн баштап туруп, он жыл ичинде кыбырап жүрүп отуруп мыкты деңгээлге жеткирип койду. Кесипкөйлүктүн принциптеринен тайбаган жана ар тараптуу иликтенген салмактуу материалдарды гана чыгарган саналуу медианын бирин жетектеп, мыкты редактор жана мыкты медиа-менеджерге айланды. Командасына жаштарды топтоп, тарбиялап атат. Менин кубанганым, журналист деген атты булгабай, таза иштей турган кесипкөй журналисттерди таптап келатат. Алга, Дилбар!! Сенин жолуң да, дилиң да ак! Тапкан наның да ак!

Айгүл Бакеева жана «ПолитКлиниканын» эмгек жамааты

Айгүл Бакеева деген ысым кичинемден эле тааныш. Үч муун менен талыкпай эмгектенип келаткан, адамгерчилиги бийик, басканы, жазганы менен бизге үлгү болуп келаткан, тажрыйбалуу, мыкты журналист эжебиз менен «Бишкек таймс» гезитинен таанышкам. Эже менен бир топ гезиттерде: «Бишкек таймс», «Де-факто», «Аалам», «Алиби», «Назар ньюс», өзү негиздеген «Адилет прессте» чогуу иштедик. Аталган гезиттерде редактор, орун басар болуп иштеди. Бүгүн болсо «ПолитКлиникада», Дилбар Алимованын орун басары.
«Мен, «ПолитКлиника» менен чогуу талпынып, бирге чоңойдум, өстүм, тажрыйба топтодум. Үй-бүлө күттүм, балалуу болдум. «ПолитКлиника» — мен үчүн чоң мектеп болду. Башында үчөөбүз элек, азыр коллективибиз дагы чоңойду» деп жазган  кесиптешибиз Кымбат Турдубекова жазгандай, алардын катарына бир топ жаштар кошулуп, журналисттер мектеби уюштурулуп, жаштар өсүп келе жатат.
Алар: Чолпонбек Сабырбеков, Тыныстан Асыпбек уулу, Чынаргүл Жумабекова, Ырыс Кылычбек кызы, Жылдыз Дускембаева, Гулиза Урустамбек кызы, Инсан Бакиров.
«ПолитКлиника – бул журналистиканын эл аралык стандарттарын карманган, бейтарап медиа. Бизден журналисттик иликтөөлөрдү, фактчекинг, дата-материалдарды, эксперттердин пикирлерин, эксклюзивдүү маектерди, саясий дебаттарды таба аласыздар» деп Дилбар Алимова жазгандай, «ПолитКлиникада» коррупциянын бетин ачкан журналисттик иликтөөлөр, такталган гана маалыматтар!
Медианын ГИМНи да бар. Сөзү: Нурболот Азаматтыкы. Обону: Мыктыбек Нурланбековдуку. 10 жылдык мааракесинде ырдап чыгышты:

10 жыл баскан жол

Аскер САКЫБАЕВА: «Дилбар биздин көз алдыбызда өстү, такшалды»

Мыкты кесиптешибиз Дилбар Алимова жетектеген ПолитКлиника онлайн басылмасынын жамааты өздөрүнүн 10 жылдыгын бирге иштеген кесиптештер, өнөктөштөр жана жакын санаалаштар менен белгилешти.
Дилбар журналисттик жолду адегенде кадимки эле гезиттен баштаган. Анын устаты, кыргыздын кымбат кызы, терроризм боюнча эл аралык эксперт, баарыбыз жакшы көрүп сыйлаган Чолпон Орозобекова айткандай, Дилбар адегенде эле өз жолун табууга аракет кылып, арадан 10 жыл өткөн соң азыркыдай мыкты ийгиликтерге жетип олтурат.
Менин айтаарым, Дилбар биздин көз алдыбызда өстү, такшалды, өз алдынча ЖМК түптөп, акыйкат сөздү айтуу, өз позициясын кармануу канчалык катаал болорун башынан кечирип келе жатат. Абдан кубантканы, Дилбар заман агымынан аша сүзүп, заманбап журналистикага өз алдынча трансформация боло алганы болду. Бир кездеги кагаз гезитти интернет гезитке айлантып, андан ары журналистиканын жаңы тармактарын толук өздөштүрүп кеткени болду.
ПолитКлиника бүгүнкү күндө журналисттик иликтөөлөр, дата журналистика, фактчекинг боюнча Кыргызстандын алдыңкы, ишенимдүү ЖМКсы болуп калды. Ушул жамаатта башынан бери иштеп келе жаткан Айгүл Бакеева эженин да эмгеги зор. Азыр да жаштардан кем калышпай иштеп келе жатат.
Кечээ заманбап нукта өткөн кечени көрүп, көкүрөк кубанычка толду. Көрсө, ким кандай жолду тандап, көшөрө иштесе, изденсе эле ийгиликтерге жетет экен. Дилбар өзү жаш экендигине карабай, ондогон мыкты жаштарга жумуш ордун түзүп, журналистиканын катаал, тикенектүү жолунда жигердүү иштеп келе жаткандыгына чын ыкластан кубандым! Маараке кут болсун, кесиптештер! Журналисттик татаал жолдо тандаган багытыңардан жазбай, чындык, акыйкаттык тарап менен алгалай бергиле!

Кесиптештерден каалоо-тилек…

Бурулкан Сарыгулова: 
— Дилбар, журналисттик ишиңер илгери, «ПолитКлиниканын» боосу бекем болсун! Куттуктайм!Жыргалбек Касаболот:
— Азамат Дилбар. Соцтармак баарын өзгөртүп аткан доордо медианы сактап алып кетиш оңой эмес.
Кайыргуль Урумканова: 
— Очень крутая редакция ПолитКлиники отмечает юбилей. Дильбар и команда вы большие молодцы! Благодаря вашим материалам и неустанной работе аудитория становится чуточку медиаграмотной. Особенно это помогает кыргызско-язычной аудитории развиваться. Ребята, успехов и дальнейших побед!
Алмаз Темирбек:
— Мыкты журналист, мыкты кесиптеш Дилбар Алимова жетектеген «ПолитКлиника» интернет-басылмасына 10 жыл толуптур…
Дилбар Алимова өзүнүн мээнеткеч, талыкпас ак эмгегинин натыйжасында «ПолитКлиниканы» маалымат айдыңында өз орду, өз үнү бар эркин гезит катары түптөп, кийин замандын талабына шайкеш онлайн форматта маалымат сайтына айлантып, сөз эркиндигине, адам укугу, коомдук агартуучулук иштерине, демократиялык баалуулуктарга зор салым кошту. Азыр да ал багытын максаттуу, ийгиликтүү улантып жатат.
Учурда «ПолитКлиниканын» эмгек жамааты резонанс жараткан коомдогу талылуу маселелерди калыс чагылдырган жаңы өңүттө иликтөөлөрдү жүргүзүп, кыргыз журналистикасына жаңы түс берип, бийиктикке көтөрүп жатат десем жарашат.
10 жылдык юбилейиңер кут болсун! Сиздерге чыгармачылык ийгилик каалайм. Арышыңар арбып, катарыңар калыңдап, зоболоңор арта берсин.

Жанар АКАЕВ: «ПолитКлиника» менен “сүйлөшүп алуу” мүмкүн эмес…»

— Дилбар, “ПолитКлиника” медиасынын жамааты, юбилей кут болсун! Аз убакытта эл ишенген, өзүн каржылай алган, сапаттуу медиа түптөө оңой иш эмес, бирок Дилбар ошону жасай алды. Кыргыз коомуна өтө зарыл болгон иликтөөлөр, фактчекинг, калпты ашкерелөө, коррупциянын бетин ачкан макалалар дал ушул медиада орун алып, чиновниктер сестенип калды. «ПолитКлиника» менен “сүйлөшүп алуу” мүмкүн эмес экенин баары билет. Жаш журналисттер үчүн жакшы мектеп түптөдү, тилемчи же дүжүр “журналисттер” азайып, ушундай иликтөөчү, принципиалдуу журналисттер көбөйсө, көзөмөл катуу болот. “Азаттыкты” жапсак эле кулак-мурун тунжурап, кемчиликти эл укпай калат деп ойлошот, андай эмес, «ПолитКлиника», «МедиаХаб», Ыдырыс Исаков, айтор, кыргызда ачык айтып, ак сүйлөгөндөр чыга берет, чыга берет, дагы да чыга берет!

Өндүрүш ТОКТОНАСЫРОВ: «Кыргызымдын кыздары кыйын»

— Кыргызымдын кыздары кыйын деп айтуудан тажабайм. Ошол кыйындардын дагы бири улуттук ар-намысты бийик койгон, көздөгөн максатына жетүү үчүн баарына кайыл болуп, көшөрүп иштеген мээнеткеч, уюштуруу жөндөмү жогору, адилдикти биринчи орунга койгон таланттуу журналист Дилбар Алимова. Дилбар негиздеген азыр таанымал, таасирдүү медиага айланган «ПолитКлиникага» 10 жыл толуптур. Бул датага байланыштуу салтанат да өзгөчө маанай, жагымдуу шартта өттү. Адатта, ушундай иш- чараларга сөзсүз жогору жактан галустукчан, жасалма басып, декламация айтып жаткансып тажатма дүжүр сөз сүйлөгөн мамлекеттик чиновниктер менен депутаттар болгон жок. «ПолитКлиниканын» мааракесине алардын келбегени, чакырылбаганы деле мага аябай эле жакты. Бул маданий иш-чараларды өткөрүүдөгү жаңы маданият, өзгөчөлүк дээр элем.
10 жылдыгы белгиленген «ПолитКлиниканын» жамаатына кааларым мыкты таланттар, иликтөөчүлөр эмгектенген журналисттик мектепке, эл аралык аренага чейин таанымал болгон медиага айлангыла, чыгармачылык жаңы бийиктиктерге жетишкиле!

Эрнис АСЕК уулу: «Тирүүлүктүн өзү чоң майрам»

Мааракеге баратып да, келатып да жолдошум Эрнисти (1970-2020) эстедим…
«Де-факто» гезитинде чогуу иштеп, мен, Дилбар, Бегимай бактыбызды тапканбыз. Андагы бактылуу күндөрдү эстедим… «Эрнис байке, жармаштыруунун арты үйлөнүү менен аяктайт» деп Тимурдун айтканын эстеп, жылмайып алдым… Айтканындай эле, баш коштук, бирок бат эле коштоштук… Сүйгөнүмдүн көзү өтсө да, сөзү калды… «Тирүүлүктүн өзү чоң майрам. Өмүр менен көңүл кымбат» деп Эрнисим айткандай, өмүрүңөр узун болуп, көңүлүңөр эч нерсеге оорубасын да сынбасын!
Бир канча күндөн бери айтылып жаткан каалоо-тилектин баары кабыл болсун! Жаман иш силерден алыс болсун! Алдыда силер басуучу кенен жолдор, ачылып түркүн -түркүн гүлгө толсун!
Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.