Жаңы Конституция Мирзиёевге 2040-жылга чейин бийликте калууга мүмкүндүк берет

Жаңы Конституция Мирзиёевге 2040-жылга чейин бийликте калууга мүмкүндүк берет

Өзбекстандын жарандары быйыл 30-апрелде добуш бере турган жаңы Конституция президент Шавкат Мирзиёевге 2040-жылга чейин бийликте калууга мүмкүндүк берет. Ошол эле маалда мамлекеттик ЖМКлар менен коомдук ишмерлер бул жөнүндө сөз кылбастан, Конституцияга сунушталып жаткан башка өзгөртүүлөрдү артыкчылык катары көрсөтүүгө аракет кылып жатышат.

Бийлик алгач Каракалпакстандагы кандуу окуяларга байланыштуу, кийин кышындагы электр энергиясынын тартыштыгынан улам кийинкиге калтырылган конституциялык референдумга жаңы «түс» берүүгө аракет кылып, атайын үгүт өнөктүгүн баштады. Анын алкагында коомдук ишмерлер өзгөртүүлөрдү колдогон сөздөрдү тынымсыз айтып, алар мамлекеттик телеканадарда айтылып, университеттерде, стадиондордо жана автозаводдордо жаңырууда.

Талдоочулардын пикиринде, жаңы кабыл алына турган Конституциянын авторитардык логикасы өткөн жылдын биринчи жарымында талкууланып жаткан вариантынан өзгөргөн жок.

«Конституция Мирзиёевдин буга чейинки мөөнөттөрүн жокко чыгарып, анын дагы эки мөөнөткө шайлануусу үчүн өзгөртүлүп жатат. Жаңы мыйзамдын 65 пайызын түзөрү айтылып жаткан калган толуктоолор азыркы режимдин мүнөзүн өзгөртпөйт», – деди Улуу Британияда жашаган өзбекстандык саясат таануучу Алишер Ильхамов.

Ал ортодо социалдык түйүндөрдө Конституцияны өзгөртүүгө каршы пикир жазгандар «чагымчыл» деп аталууда.

Баш мыйзамды өзгөртүү демилгесин былтыр жайда президент Шавкат Мирзиёев көтөргөн. Документте Каракалпакстан автоном Республикасынын суверендүүлүгү тууралуу беренелерди алып салуу сунуш кылынгандыктан, июль айында аймактын борбору Нукус шаарында нааразылык акциялар тутанып, кан төгүлгөн. Мирзиёев Каракалпакстанга барып, Баш мыйзамдагы бул республикага таандык мурдагы беренелер өзгөртүүсүз калтырыларын билдирген.

Расмий маалыматтарга ылайык, бул окуяларда 21 киши, анын ичинде төрт күч түзүм кызматкери каза болгон. Укук коргоочулар бул сандардан күмөн санап, өлгөндөр кыйла көп болушу мүмкүн экенин айтып келишет.

Гүлгаакы ЖАКЫПОВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.