«Оо, кыздарга» обон салган Зайнидин Иманалиев «Ардактуу профессор» болду

«Оо, кыздарга» обон салган Зайнидин Иманалиев «Ардактуу профессор» болду

Кыргыз Эл артисти, обончу, комузчу, аткаруучу Зайнидин Иманалиев И. Арабаев атындагы КМУнун «Ардактуу профессору» болду. Бул тууралуу алып баруучу, манасчы Азиз Баймырза уулу билдирди. Ал «Фейсбуктагы» баракчасына мындай деп жазды: «Заманыбыздын залкар комузчусу, Токтогул, Карамолдо, Ниязаалы, Ыбырай, Атай, Шекербек өңдүү күү чертип жүрүп күүгө айланып кеткен алптардын из басары Зайнидин Иманалиевге И. Арабаев атындагы КМУнун «Ардактуу профессору» даражасы ыйгарылды. Куттуктайбыз. Аксакалдардын колуна суу куюп, батасына балкып жүрөм. Бар болсун асылдар

Зайнидин аганын уулу Рахат, кызы Айдай да ырчы. Алар да ыр жазып, обон чыгарышат. Айдай айымдын жеке концертине күзүндө күбө болобуз, буйруса! Атасынын «Оо, кыздар, кыздар» аттуу ырын баласы ырдап жүрөт.

Оо, кыздар, кыздар!

Сөзү: Замирбек Иманалиевдики, Обону : Зайнидин Иманалиевдики

О, кыздар, агай деш ордуна,
Атымдан чакырчу болгула.
Бүлбүлдөп бараткан жаштыктын,
Билигин чоңойтуп койгула.
Оо, кыздар, кыздар,
Билигин чоңойтуп койгула.

О, кыздар, сумсайыш ордуна,
Ар дайым жайдары болгула.
Алыстап бараткан жаштыктын,
Алдынан бир кайрып койгула.
Оо, кыздар, кыздар,
Алдынан бир кайрып койгула.

О, кыздар кол шилтеш ордуна,
Жакындан сырдашчу болгула.
Мага окшош жигиттин колунан,
Гүл сунса гүл алып койгула.
Оо, кыздар, кыздар,
Гүл сунса гүл алып койгула.

Даярдаган Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.