Президент Садыр Жапаров Москвадагы парадга катышат

Президент Садыр Жапаров Москвадагы парадга катышат

Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азимбакиев президент Садыр Жапаров 8-майда Орусияга расмий сапары менен барып, 9-майдагы парадга катышарын «Азаттыкка» ырастады.

Маалыматка караганда, Садыр Жапаров Москвага Орусия президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен барат. Сапардын алкагында эки өлкө президенттеринин эки тараптуу сүйлөшүүлөрү жана Орусиянын башка расмий өкүлдөрү менен жолугушуулар пландалып жатканы да белгилүү болду.

23-апрелде орусиялык “Ведомости” басылмасы жеке булактарына таянып, 9-майда өтчү аскердик парадда Садыр Жапаров жалгыз чет өлкөлүк конок болорун жазган. Басылма президент Жапаров Орусиянын вице-премьер-министри Алексей Оверчуктун чакыруусу менен Москвага барганы жатканын белгилеген.

“Ведомости” басылмасынын башка материалында Орусиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Садыр Жапаров “Жеңиш парадына да катышуу үчүн калууну чечкенин” билдирген.

Былтыр Орусия Украинага кол салгандан кийин өткөн Москвадагы аскердик парадга бир дагы мамлекеттин башчысы катышкан эмес. Анда Дмитрий Песков Кремль иш-чарага чет элдик коноктор чакырылбаганын айткан.

Садыр Жапаров акыркы жолу Орусияга былтыр 13-майда барып, Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын жыйынына катышкан.

Гүлгаакы ЖАКЫПОВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.