КУЛАКТАНДЫРУУ: Эл аралык кароо-сынак фестивалы өтөт (дарек, шарттары, мөөнөтү)

КУЛАКТАНДЫРУУ: Эл аралык кароо-сынак фестивалы өтөт (дарек, шарттары, мөөнөтү)
Боз үйлөрдүн мекени Ысык-Көл облусундагы Тоң районуна караштуу Кызыл -Туу айылында “Кызыл-Туу – уз-чеберлер шаарчасы” эл аралык кароо-сынак фестивалы (15-16-июлда) өтөт. Бул тууралуу  Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, мындай иш-чара Маданият министрлиги, Улуттук маданий борбору, Тоң райондук Мамлекеттик администрациясы, Ак-Терек айыл аймагынын өкмөтү жана айылдык кеңеши, Кыргызстан кол өнөрчүлүк кеңеши, Кызыл-Туу боз үйчүлөр айылы менен биргеликте өткөрүлүүдө.
Фестивалдын максаты —  боз үй жасоодогу салттуу билимдерди, кол өнөрчүлүктү жайылтуу, аймактын туристтик потенциалын жогорулатуу, аймактар арасындагы маданий-экономикалык байланыштарын чыңдоо, бекемдөө, жаш чеберлерди көркөм жана улуттук кол өнөрчүлүктүн салттарын сактоо, иликтөө, өнүктүрүү.
Фестиваль кароо-сынак 7 багыт боюнча өткөрүлөт:
— “Кан боз үй”;
— “6 канат боз үй”;
— “Тарыхый жасалгалуу боз үй”;
— “Шамдагай – жигиттер арасында боз үйдү тез тигүү”;
— “Шамдагай – кыз келиндер арасында боз үйдү тез чечүү”;
— “Тал аарчуу”;
— “Чий согуу” багыттары;
Жобого ылайык, түрк тилдүү элдердердин өкүлдөрү, өлкө аймагындагы облус жана шаарлардын кол өнөрчүлөрү, көркөм өнөр буюмдарын өндүрүү менен алектенген жеке ишкерлер, чыгармачыл индустриянын өкүлдөрү, чакан ишканалар, кооперативдер жана каалоочулар катыша алат. Катышууну каалагандар 14-июлдун кечки саат 18:00гө чейин бул шилтемеге кирип, https://forms.gle/aKPFZzi4o3ivbR4J7 катталуусу шарт.

СЫНАКТЫН ШАРТТАРЫ:

“Кан боз үй” кароо-сынагы:
— “Кан боз үй” кароо-сынагына 100 баш боз үй тигилүүсү шарт;
— боз үйдүн сөөгү жана ички, тышкы жасалгалары менен толук болушу керек.
“6 канат боз үй” кароо-сынагы:
— “6 канат боз үй” кароо-сынагына 80 баштуу боз үйлөр тигилет;
— боз үйдүн сөөгү жана ички, тышкы жасалгалары менен толук болушу шарт.
“Тарыхый жасалгалуу боз үй” кароо-сынагы:
— Боз үйдүн көлөмүнө чектөө жок жана анын сөөгүнө бир кылым же андан ашык болушу шарт;
— Ички, тышкы жасалгалары менен толук сакталган боз үй калыстар тобу тарабынан эске алынат.
“Шамдагай – жигиттер арасында боз үйдү тез тигүү” кароо-сынагы:
— жигиттер арасында боз үйдү тез тигүү сынагына тигилүүчү боз үй 70 баш салттуу кыргыз боз үйү жана тайпада 6 жигит болуусу шарт;
— Толук боз үйдү тигип бүткөн тайпа калыстар тобуна маалымат берип, убактысы жазылат;
— боз үйдүн жабдыктары жетишсиз, боолору байланбай, уук толук сайылбаса же уук түшүп кеткен болсо же жабдыктары кичинекей болгон учурда эсеп кемитилет;
— тигилген боз үйдүн көлөмү 5,5 метр болушу керек;
— боз үйдү ыкчам жана туура тиккенине жараша калыстар тобу акыркы чечимди чыгарат;
“Шамдагай – кыз-келиндер арасында боз үйдү тез чечүү” кароо-сынагы:
— Кыз-келиндер арасында боз үйдү тез чечүү кароо-сынагына катышуучу тайпада 5 кыз 1 жигиттен туруусу шарт;
— чечилүүчү боз үй 70 баш болушу керек;
— Жигит түндүктү гана кармап, башка ишке аралашпайт;
— Кыздар боз үйдү толук чечип, ууктарын төрт таңгакка бөлүп, үзүк, туурдуктарын бүктөп -таңып, бир жерге жыйнап, түндүк бастырылгандан кийин убакыт калыстар тобу тарабынан эсепке алынып, убактысы катталат;
— жигит боз үйдүн жабдыктарын чечүүгө катышса, тайпанын упайы кемитилет;
“Тал аарчуу” кароо-сынагы:
— Тал аарчуу кароо-сынакка баардык каалоочулар катыша алат;
— сынакка катышуучулардын тал аарчууга керектүү өздүк шаймандары (теси) болушу шарт;
— ар бир катышуучу 5 метр болгон талдан 10 даананы аарчып бүтүрүшү милдеттүү жана талдын таза жана тез аарчылышы эске алынат.
— катышуучулар, сынакта аарчылуучу талдарды өздөрү алып келет.
“Чий согуу” кароо-сынагы:
— сынакка чий сокконду билген адамдар катыша алат;
— ар бир катышуучунун чий согууга керектүү шаймандары (станок), чыйратылган жиптери, түстүү жүндөрү жана чийлери өзүнүкү болуусу шарт;
— согулуучу чийдин эскизи уюштуруучулар тарабынан берет;
— чийди согууда эриш жиптердин аралыгы 6-8 см, чийдин туурасы 1,20 см жана узундугу 1,50 см болушу шарт;
— чий согууга 4 саат убакыт берилет;
— берилген тапшырманы (эскизди) толук, так, түстөрүн туура айкалышы жана жиптердин жыш жайгашыш эске алынат.
Ар бир номинациянын жеңүүчүлөрү диплом жана акчалай сыйлык менен сыйланат.

Эскертүү

— Катышуучулардын жол киреси жөнөтүлгөн тараптан каржыланат;
— катышуучулар кароо-сынактарга керектүү шаймандарын жана тал, жүн, чий, жиптерин өздөрү камсыздайт;
— кароо-сынак фестивалдын катышуучуларынын жатаканасы, тамак-ашы тосуп алган тараптан каржыланат.
— Синтетикалык буюмдарды колдонууга тыюу салынат.
Өтүү убактысы: 15-16-июль, саат: 10:00.
Дареги: Ысык-Көл облусу, Тоң району, Кызыл-Туу айылы
Байланыш үчүн: е-mail: tolosunb@gmail.com, Тел: 0700 411 011, 0700 394 041
Даярдаган Гүлгаакы ЖАКЫПОВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.