«Тамыры терең Таскала» аттуу Эл аралык айтышта Арген Биймырза уулу баш байгени багындырды

«Тамыры терең Таскала» аттуу Эл аралык айтышта Арген Биймырза уулу баш байгени багындырды

Казакстан мамлекетинин Батыш Казакстан облусунун Таскала районунун 90 жылдыгына арналган «Тамыры терең Таскала» аттуу Эл аралык айтышта Кыргыз улуттук «Манас» театрынын төкмө акыны, Эл булбулу Элмирбек Иманалиевдин шакирти, Кыргыз Эл артисти Табылды Актановдун «Аян» тобунун акыны Арген Биймырза уулу Баш байгени багындырганы тууралуу Манас театры билдирди.

Алардын маалыматына караганда, Таскала районунун акими Бауржан мырза алдына аргымак мингизип атайы сыйын дагы көрсөттү. Ошондой эле, аталган театр биздин мамлекеттин 32 жылдыгына арналган — Эгемендүүлүк күнүнө карата (30-31-августта) Ош шаарында Эл аралык айтыш өтөт. Ага 4 мамлекеттин төкмөлөрү катышат. Байге фонду 3000000 сом.

Ал эми баш байгени алган Аргенге ийгилик, бекем ден соолук каалайбыз!

Гүлгаакы ЖАКЫПОВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.