Жеңишбек ЖУМАКАДЫР: «Кыргыз барда сен өлбөйсүң тирүүсүң!»

Жеңишбек ЖУМАКАДЫР: «Кыргыз барда сен өлбөйсүң тирүүсүң!»

Азиз Мурадиллаев эскерилет

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты Азиз Мурадиллаев ажыраганыбызга 17-декабрда бир жыл болот. Жылдыгына карата маркум эртең Бишкектеги Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында кесиптештери эскерет.
Эскерүү саат 16:00до башталат. Кирүү акысыз. 

«Өлдү бүттү дегендерге кошулбайм,

Өлүп, бирок жашай берчү өмүр бар» деп Кыргыз эл акыны Эсенгул Ибраев жазгандай, Азиздин экинчи өмүрү кылымдарды карытып улана берсин.

Төкмө акын Жеңишбек Жумакадыр жазгандай, кыргыз барда сен өлбөйсүң, тирүүсүң!
Азиздин кеткенине бир жыл болуптур билинбей…
Бир туугандай ушул келген өмүрдө,
Бирге окудук Москванын төрүндө.
Өзгөлөр да таңгалышты баа берип,
Өнөрүңдүн тереңдиги жөнүндө.
Арабыздан күтүүсүздөн узадың,
Арга барбы кала бердиң көңүлдө.
Залкарлардын издеринен калышпай,
Залкар элең эсил кайран Азизбай.
Күлгөнүң да Күндөй берчү жылуулук,
Күндөр экен сен тирүү кез бакыттай.
Асманында адамдардын сакталдың
Асмандагы жанган алтын казыктай.
Сени сүйүп канча жүрөк тилеген,
Сен Сүймөнкул, сен Советбек, сен Үсөн.
Ак карлардай жан дүйнөңө таптаза,
Актёрлуктун касиети түнөгөн.
Азык кылып ак батаңды жаштарга,
Азиз элең чарчабастан сүрөгөн.
Баткен ыйлап сенин көзүң өткөндө,
Жалал Абад, Ош ишенбей сөздөргө.
Нарын, Талас, Сары Өзөн- Чүй, Ысык Көл,
Токтоналбай көрдүк жашын төккөндө.
Сезимдерин миллиондун уялап,
Сен айланып кете бердиң көктөмгө.
Кинолордун өзөгү элең мактачу,
Күтүп турчу театрдын сахнасы.
Токтоо мүнөз асыл элең жылмайып,
Толуп турган мырзалардын нактасы.
Бороон-чапкын көр турмушка баш ийбей,
Болуп калдың актёрлордун даткасы!
Өнөр менен сен булбулдун үнүсүң,
Өчпөй турган тарыхтардын бирисиң.
Атакеңди жандап басып бейиште,
Апакеңдин жүрөгүндө гүлүсүң.
Кымбат жарың, балдар сыймыктанышып,
Кыргыз барда сен өлбөйсүң тирүүсүң!
Жалпы курсташтарың.

Бир үйдүн жалгыз баласы эле…

1978-жылдын 12-июнунда андагы Фрунзе, азыркы Бишкек шаарында туулган Азиз Мурадиллаев театр ишмерлери Үсөн Мурадиллаев менен Анара Сыдыгалиеванын жалгыз уулу болчу… Ата-энесинин жолун жолдогон Азиз Кыргыз улуттук драма театрынын алдындагы театралдык окуу жайга тапшырган. Кийин Москвадагы Щепкин атындагы жогорку театралдык окуу жайын ийгиликтүү аяктап, 21 жыл сахнада эмгектенди. «Манастын уулу Семетей» спектаклинде Семетейдин ролун 15 жыл катары менен аткарган. Мындан тышкары, 40тан ашык спектаклде ойногон. Бир топ киного да тартылып, роль жараткан: «Каракыз», «Сүйүү сынагы», «Апамдын махабаты», «Чиркин өмүр», «Жараланган турна», «Президент жана бомж», «Курманжан датка», «Ата».
Өмүрлүк жары Элвира Жумалиева да театрда иштеген. Экөө 26 жыл бирге түтүн булатып, эки уулдуу болушкан.
44 жашында узак оорудан көз жумган маркумдун сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлган.
Гүлгаакы ЖАКЫПОВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.