Садыр ЖАПАРОВ: «Нурлан Шакиевди тепкилебегиле, мени тепкилегиле!» (ВИДЕО)

Садыр ЖАПАРОВ: «Нурлан Шакиевди тепкилебегиле, мени тепкилегиле!» (ВИДЕО)

Курултайда кандай маселелер көтөрүлдү?

Биринчи элдик курултай былтыр (2022-жылы) ноябрда өткөн. Экинчиси Бишкектеги Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында (15-декабрда) башталып, кечээ (16-декабрда) жыйынтыкталды.
Расмий маалыматтарга караганда, курултайга 700 делегат катышкан. Анын 640ы ар кайсы аймактардан, 30у этностук өкүлчүлүктөрдөн, 30у чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынан шайланышкан. Алар социалдык маселелер, мектеп, бала бакча, жол куруу, таза суу, чек ара жана мамлекеттик тууну өзгөртүү, өзгөртпөө көйгөйлөрүн көтөрүшкөн.

Садыр ЖАПАРОВ: «Желек күнкарамага окшошуп калганын, түндүк да туура эмес болуп калганын таякем айткан»

Эки күнкү курултайга катышкан президент Садыр Жапаров андагы суроолорго жооп берип, желекти өзгөртүү демилгеси өзүнө таандык экенин билдирди.
— Желек кабыл алынганда мен жаш бала элем, айылда болчумун. Атамдын достору, коноктор үйгө келип калды. Жалаң тарыхчылар, санжырачылар. Желек кабыл алынып калды, баарыбыз кубанып, кол чаптык. Анан куйма кулак, бизге жезде болуп кетет, Асангалый деген санжырачы, аны көлдүктөрдүн баары жакшы билет. «Ка-ап, желек күнкарамага окшошуп калыптыр. Түндүк да туура эмес болуп калыптыр. Арасынан бир кыргыз туура эмес деген жокпу?..» деп кейип калды.

3 жыл ичинде эки тараптуу жолугушууларга, ар кандай саммиттерге катышуу үчүн 30дан ашык өлкөлөргө бардым. Анан айрым жолугушууларда “силер чемичке өндүрүп май чыгарасыңарбы?” деген суроолор берилди. Мен дароо эле кеп туу жөнүндө болуп жатканын түшүндүм. Ошондон кийин келип спикер Нурлан Шакивге ушундай болуп жатат деп айткам. Эми желекти оңдоп-түзөө менин компетенцияма кирбейт, Жогорку Кеңеш карайт. Авторлорун чакырып, кеңешип, балким күндүн нурун кичине түздөп, анан боз үйдүн чамгарагын төрткө көбөйтүп койбойсуңарбы деп мен сурангам. Ошон үчүн Нурлан Шакиевди тепкилебегиле, мени тепкилегиле. Тууга өзгөртүү кирсе, паспорт, унаа номерлерин дароо алмаштыруунун кажети жок. Нурланбек спонсорлор бар дебеди беле, аны мен айткам. 50-60 желекти мен эле айлыгымдан алмаштырып, мамлекеттин бир тыйын кетирбей, спонсорлук кылып коеюнчу дегем. Ошондуктан тууну өзгөртүү киргизүү демилгесин колдоп берүүңөрдү суранам.

Өлкөбүздүн Мамлекеттик туусу эгемендик алгандагы алгачкы парламенттин 1992-жылдын 3-мартындагы токтому менен бекитилген. Мамлекеттик туу күнү жыл сайын 5-мартта белгиленип келаткан… Ортодо Мамлекеттик тууну өзгөртүү демилгеси бир жолу көтөрүлгөн. 2011-жылы Жогорку Кеңеште айрым депутаттар кеп козгоп, депутаттык комиссия да түзүлгөн. Бирок колдоо тапкан эмес… Бул жолу колдоо эл тараптан болгон жок. Тагырагы, 29-ноябрда, Жогорку Кеңештин жыйынында туубузду өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, дароо колдоо тапканы коомчулукту «жарды». Ошондон бери интернет колдонуучулардын дээрлик бардыгы бул чечимге нааразы болуп жазып жатышат.

Назира СААЛИЕВА

P.S. Сүрөттөр президенттин фотографы Султан Досалиевге таандык. 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.