Фронтбек кызы Жамал Эдил Байсаловду жолугушууга чакырды. Эмнеге?..

Фронтбек кызы Жамал Эдил Байсаловду жолугушууга чакырды. Эмнеге?..

Бүгүн (22-январда) Бишкектеги «Novotel» мейманканасында дин тутуу эркиндигинин күнүнө жана «Мутакалим» аялдардын прогрессивдүү коомдук бирикмесинин 25 жылдыгына арналган тегерек стол өтөт. Тегерек столго Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын, Министрлер кабинетинин өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, Кыргыз Республикасындагы элчиликтердин жана консулдуктардын өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттары, диний уюмдар, эксперттер, академиялык коомчулуктун өкүлдөрү катышат. Алдын ала маалыматка караганда, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов чакырылган. Анын барар-барбасы белгисиз…

Жамал айымдын айтымында, бул күнү өнөктөштөрү, достору менен биргеликте Дин тутуу эркиндиги тууралуу жана коомубуздун 25 жыл ичинде жеткен ийгиликтери жөнүндө баарлашып, ой-пикир алмашкыбыз келет жана дин тутуу эркиндигин илгерилетүү жаатында жемиштүү кызматташууга үмүттөнөт.

Ар дайым өзүнүн миссиясына жана баалуулуктарына ылайык — коомдо диалог түзүүдө, аялдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоодо кызмат кылып келген «Мутакалим» коому 25 жылдан бери Кыргызстандагы  аялдардын укуктарын коргоо жана алдыга жылдыруу жаатында үзгүлтүксүз иштеп, алардын жарандык активдүүлүгүнүн идеясын колдоп, светтик демократиялык мамлекеттин өнүгүшүнө көмөк көрсөтүп келет.

Байланыш үчүн телефон: 0702 686970 Надира, ppaw.mutakalim@gmail.com

Эске сала кетсек, «Мутакаллим» аялдардын коомдук прогрессивдүү уюму 16-январдагы — Бүткүл дүйнөлүк дин эркиндиги күнгө карата “Дин эркиндиги – учурда жана келечекте” аталыштагы иш-чараны (2022-жылы) уюштурган. Андагы иш-чарада мамлекеттеги дин эркиндигин, кыз-келиндердин диндеги орду, зордук-зомбулукту алдын алуу жана бир топ көйгөйлүү маселелер боюнча талкууланып, мектептерге «дин таануу» сабагын киргизүү маселеси козголгон.

Нази БАЯН кызы

 

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.