ӨКМ: «Жер кайра силкиниши ыктымал» деген сөз фейк маалымат. Ишенбеңиздер!»

ӨКМ: «Жер кайра силкиниши ыктымал» деген сөз фейк маалымат. Ишенбеңиздер!»

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) кыргызстандыктарга кайрылып, 23-январдагы жер титирөөгө байланыштуу дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды жана жер кайрадан силкиниши ыктымал деген маалыматты четке кагып, ал фейк маалымат экендигин баса белгилеп, жалган маалыматка ишенбөөгө жана дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды.

Мекеменин маалыматына караганда, саат 00:09да Кытайда жер титиреп, күчү 7 баллга жеткен. Жердин силкиниши Кыргызстандын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз, Ак-Суу, Түп райондорунда сезилген. Ал эми Бишкекте жердин титиреши 4-5 баллга жеткен. Аталган аймактарда кыйроолор, жабыркагандар тууралуу маалымат жок.

Андан мурдараак ӨКМ «Жердин титиреши Ысык-Көл облусунун Каракол, Нарын облусунун Нарын шаарларында, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай айылында 4 баллга чейин сезилди» деп да маалымдаган.

АКШнын Геологиялык кызматынын расмий сайтында көрсөтүлгөндөй, шейшембиге караган түнү Кытайдын Кыргызстан менен чек арасына жакын аймагында төрт жолу жер силкинген. Алардын эң кубаттуусунун магнитудалык күчү 7 балл деп көрсөтүлгөн.

Кытайда болгон жер титирөө Кыргызстандан тышкары Казакстанда да сезилди. Алматынын өзгөчө кырдаалдар мекемеси саат 00:09дагы жер титирөөнүн очогу бул шаардан 264 чакырым түштүк-чыгыш жакта күчү 6,7 балл болуп катталганын маалымдады. Алматынын өзүндө 5 баллга жетти, Шымкентте 2 балл болду.

Гүлгакы ЖАКЫПОВА

 

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.