ВИДЕО — Кайыргүл СУЛТАНОВА: «Эрнистин “Каалгасын” ачып, ойлонуп отурам…»

ВИДЕО — Кайыргүл СУЛТАНОВА: «Эрнистин “Каалгасын” ачып, ойлонуп отурам…»

Эсен болуп, эстей жүр!

Бүгүн журналист, акын, котормочу, философ жолдошум Эрнис АСЕК уулунан ажыраган күн. Асыл адамыбыз 2020-жылдын 29-январында жүрөк оорусунан (обширный инфаркт) 49 жашында көз жумуп, сыздатып кеткен… Боздоп-сыздап сөөгүн Ат-Башы районундагы киндик каны тамган айылы Кызыл-Тууга алып барып, 31-январда акыркы сапарга узатканбыз. Кантейин, алтыным куттуу үйүмдүн төрүндө эмес, минтип көрдө жатканына 4 жыл болду… «Жаткан жериң эңкейиш, Жараткан берсин кең бейиш. Курандан башка арга жок, айла жок…» деп байыма багыштап куран окуп, эскерип келебиз…

“Артыңда эстей жүргөн кишиң болсун, эскерип жүрөр ишиң болсун” дегендей,  Эрнисти эмгеги менен эскерген жакшы адамдар оголе көп болду. Өзү да, сөзү да, эмгеги да, албетте, бир тууган агасы Мелис Эшимканов да эскерилип келүүдө…

«Өлгөндөр даӊкталмайын, тирүүлөр баркталбайт» дегендей, өмүрүнүн кырчындай кездерин журналистикага арнап, эгемендүүлүктүн эпкининде эне тилибиздин, адабият, маданиятыбыздын өсүп-өнүгүшүнө опол тоодой салым кошуп, турмуш барактарында өчпөс из калтырган ага-ининин эмгегин, чыгармачылык жигерин, тааныш да, тааныш да эмес адамдарга кылган жакшылыктарын, алгылыктуу иштерин унутпай эскерип, алтындай убактыларын бөлүп эскерүү жазып берип жаткандарга, даӊктап да, барктап да эстеп, куран окутуу парзын аткарып келаткан жакшы, жакшы адамдарга тереӊ ыраазычылык билдирем.

Орустун жазуучусу Сергей Довлатовдун котормосун, кесиптеш агабыз Бахтияр Шаматовдун эскерүүсүн буга чейин бергенбиз. Эми Эрнистин курсташы Кайыргүл Султанова эскермекчи…

«Эрнис сырдуу, табышмактуу, таланттуу жигит эле»

Белгилүү журналист, акын, котормочу курсташым Эрнис Эшимканов тууралуу эскерүү жазам деп эч ойлогон эмесмин. Жакшы адам тууралуу эскерүү жазуу өтө эле кыйын экен. Эрнистин көзү өткөндөн кийин, анын басып өткөн өмүр жолу, чыгармалары, адамгерчилиги, жөнөкөйлүгү көз алдыга тартылып, жаштык кезге барып келдим. Бирге окуган кыздар, балдар, алардын күлкүлөрү, кыял жоруктары көз алдымдан сыдырылып өттү… Студенттик күндөр… Дарс окулган аудитория… Жатаканадагы бөлмө… Көз алдыма жаштык кез тартылды…

Эрнис башкалардан айырмаланып турган, өзгөчө жигит эле: сүрдүү, жандүйнөсү башкача, көп ойлонуп, өзүн салабаттуу алып жүргөн сырдуу, табышмактуу, таланттуу акын эле. Ошол эле учурда шайыр да болчу. Кызыктуу окуяларды, анекдот айтып берчү. Бизди да күлдүрүп, өзү да каткырып алчу. Эрнисти баарыбыз сыйлап, урматтачубуз. Анткени ал ошондой сыйга татыктуу, чоң тамгалуу алтын адам болчу.

Эрнисти мен студент кезде, айыл чарба жумуштарына барганда жакындан жакшы билип калдым. Бир бригадада чогуу иштегенбиз. Иштесе иштен талбаган, чарчадым-чаалыктым дегенди билбеген, кыймылы бат, кыздарга болгон сыйчылдыгычы… Бизге болгон бийик адамгерчилиги эске түшөт. Жумуштан келгенден кийин да эс албай, кечинде кыздар талаага, күндүн кызарып батышын көргөнү барчубуз. Андай кызыгуубузга Эрнисти кошуп алчубуз. Ошондо эле ыр жазчу. Ырларынан окуп берүүсүн сурансак, четке какпай окуп берээр эле. Кээде көп сүйлөбөй, ойлуу, шашпай басып, түнт болуп калчу. Көрсө, акындар ыр “толготуп” жатканда ушундай мүнөздө болуп калат турбайбы…

Кийин окуу сабагы башталганда, жатаканадагы бөлмөбүзгө да шашпай, жөө басып келип калчу. Ал Кызыл-Аскер жактагы үйдө жашачу. Эрнис келгенде кадырлуу коногубуз келгендей кубанып калчубуз. Анткени мазмуну терең, адамды ойго сала турган ырларын окутчубуз да.

Эсимде, биз 3-курс болуп калганда «Учкун» аттуу китепчеге курсташтардын, жаш таланттардын ырлары басылып чыккан. Ага Эрнистин айрым ырлары да жарыяланган. Андан дагы таасирлүү ырларын окуп, талантына баа бердик. Мен ошондо таланттуу адамдар менен окуганыма кубандым, алар менен сыймыктандым. «Учкун» китепченин үч чыгарылышы менде сакталуу. Бош убактымда алып чыгып окуп калам…

Ошентип баарыбыз туш тарапка ар кандай кесип менен иштеп кеттик. Эрнис болсо айтылуу агасы Мелис Эшимкановдун жолун жолдоп журналист болду. Байкеси негиздеген «Асаба» аттуу мыкты гезитте иштеп, өзүн көрсөтө алды. Алгач кабарчы болуп иштесе, кийин редактор болду. Гезиттен жазгандарын, котормолорун окуп калып, Эрнис менен курсташ болуп калганыма сыймыктанчумун. Атагы чыккан гезитте иштегени менен адамгерчилигинен жазган жок, жөнөкөй боюнча калды. «Асаба», «Агым» популярдуу гезиттерге “Каалга” аттуу рубрикасы бар болчу. Эми ошол китепке айланыптыр. Ырлары жаш кезиндеги жазгандарынан башталыптыр. Көпчүлүк ырларын студенттик күндөрдө, суранып атып, өзүнүн окуусунда уккан элек. Андагы жаркылдаган элеси көз алдыма тартылып кубансам, азыр Эрнисти жок дегенге ооз барбай, кайгырып, ырларын окуп отурам…

Бир кезде кыздардын назик көңүлүн, шагын сындырбай ырларын окуп берген ойчул курсташым Эрнистин ырларынын “Каалгасын” ачып, эки ырын окуп, ойлонуп отурган кезим.

Эрнис АСЕК уулу: «Барактар»…

Эрнис АСЕК уулу: «Таң атпай»…

Кайыргүл СУЛТАНОВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.