ПАРИЖ-2024: Президенттин жана бабалардын батасы (ВИДЕО)

ПАРИЖ-2024: Президенттин жана бабалардын батасы (ВИДЕО)

16 спортчу

XXXIII жайкы Олимпиада оюндары башталарына саналуу гана күн калды.  26-июлда Париж шаарында башталат.  Мурунку Олимпиада оюндарында спортчуларыбыз спорттун алты түрүнөн мелдешке катышса, бу жолу беш түрү (күрөш, дзюдо, сууда сүзүү, жеңил атлетика, бокс) менен катышат. Кыргызстандын намысын коргой турган 16 спортчубузду атай кетсек,

балбандар: Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова, Амантур Исмаилов, Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Үзүр Жусупбеков, Бекзат Алмаз уулу, Айаал Лазарев, Эрназар Акматалиев.

Суучулдар: Денис Петрашов, Елизавета Печерских

Жеңил атлетика: Сардана Трофимова

Дзюдо: Эрлан Шеров, Кубанычбек Айбек уулу

Бокс: Мушкер Мунарбек Сейитбек уулу

Садыр ЖАПАРОВ: «Жолуңар шыдыр болсун!»

Президент Садыр Жапаров кечээ спорчуларыбызды кабыл алып, каалоо-тилегин айтып, Улуттук курама команданын капитаны Акжол Махмудовго Мамлекеттик тууну тапшырган. Аягында спортчулар менен сүрөткө түшүп, «жолуңар шыдыр болсун» деп батасын берди.

Босогодогу бата

Өткөн жумада Ат-Башынын Босого жайлоосунда өткөн «Кыргыз көчү» этнофестивалында олимпиада оюнуна аттанган спортчуларга Кошой бабабыз берген батаны журналист Аскер Сакыбаева Фейсбуктагы баракчасына бүгүн жарыялады. Эжебиздин айтымында, бул ырдын автору этнофестивалды уюштурган Бакытбек Турдубаев.  Аскер эже редакциялаган бата төмөндө:
Бешенеси беш жылдыз
Белдүү туулган балбан кыз
Кырк тамгалуу кыргыздын
Кыйрына бүткөн төп жылдыз
МЭЭРИМИМЕ АК БАТА!
Илгенин — алган илбирстей
чалганын — баскан жолборстой
Эр уулумду колдой көр,
ЭРНАЗАР БОЛСУН АКЖОЛТОЙ!
Ак тулпары дениздин
Ашкере суучул балабыз
ЖОЛУ АЧЫЛСЫН ДЕНИСТИН!
Байге бербес башкага
Тайыбас музда, ташта да
Жүрөгү жолборс, жүзү нур
Сөөлөт, наркы башкача
АЙПЕРИМДИ БАК КАРА!
Күрөшсө күчү ташыган
Кұчөнгөн бала кабылан
Күүсүнө толуп, жетилсе
Күрөшчү болор абыдан
АМАНТУРГА АК БАТА!
Деми чоктуу, көк белбоо
Чоң спортко сырдана
Чогултуп күчүн аттанды
ЧОҢ БАЙГЕ УТСУН, САРДАНА!
Буудандай чапчу алыска
Буйдалбай тұшкөн намыска
Бир кудай өзүң колдой көр
ЖОЛОМАН ЧЫКТЫ ЖАРЫШКА!
Карааны калбаат, дымактуу
Кармаша келсе кубаттуу
Көтөрөр калктын намысын
КОЛДОЙ КӨР, КУДАЙ БЕКЗАТТЫ!
Талаштуу кыйын учурда
Таймаштын кызуу чуусунда
Кыргызым үчүн кыл чайнар
АК ТИЛЕК, БАТАМ — ҮЗҮРГӨ!
Бааланып журтка кылган иш
Айлансын атың уламыш
Барс өңдүү тоолук, шамдагай
БААРЫСЫН ЖЫКСЫН КУБАНЫЧ!
Будалап жыгар чыкканын
Байсалдуу болуп кылганың
Балбандын бири топ бузаар
БАЙГЕЛҮҮ КАЙТСЫН ЭРЛАНЫМ!
Кыдырып аалам чыккан кыз
Кыргыздан чыккан сырттан кыз
Кыйынмын деген балбандын
Кыйласын таза жыккан кыз
АЙСУЛУУМА АК БАТА!
Бар мүчөсү омоктуу
Балбандын бири салмактуу
Барган жерден байге алсын
ЛАЗАРДЫН АЙААЛ БАЛАСЫ!
Нак болоттон билеги
Калк ишенген тиреги,
Кандай сыноо келсе да
Калк деп соккон жүрөгү
АКЖОЛУМА АК БАТА!

Бата кабыл болсун! Оо-мийин!

Батаны Кошой атабыздай кадырмандар баштаган, Бакай атабыздай акылмандар коштогон, билими менен билги болгон, жакшылыкка үлгү болгон, калкына тирек болгон, күч-кубатка толгон, асылдыкка жеткен, кеп түйүнүн чечкен кишилер гана беришкен. Бата берген киши канчалык бийик болсо, берген батасы да ошончолук күчтүү болгон.

Олимпиадага аттанган спортчуларыбызга берилген баталар кабыл болсун! Оо-мийин!

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.