Акын кыздарыбыз Берлиндеги фестивалга катышты

Акын кыздарыбыз Берлиндеги фестивалга катышты
20-21-июлда Берлиндеги Поэзия үйүндө өткөн 25-поэзия фестивалына акын кыздарыбыз Гүлзада Станалиева менен Нуриза Өмүрбаева катышты. Кыргыз акындары Казакстандагы Гёте институтунун колдоосу менен барган.
Иш-чаранын жүрүшүндө кыргыз акындарынын ырлары кыргыз жана немис тилдеринде окулду. О.э. акындардын ырларынын аудиоверсиясы Гёте институтунун сайтына эки тилде жарыяланмак болду.
Белгилей кетсек, Гёте институту Германия жана Борбор Азия элдеринин акындарын бири-бирине таанытуу, чыгармаларын которуу иштерин жүргүзүп келет. Буга чейин Н. Гургубаева, Н. Өмүрбаева, Г. Станалиева, М. Касейинова жана А. Абдыкеримовалардын ырларын немис тилине которуп, жыйнак кылып чыгарган.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы
P.S. Жакында акын кызыбыз Нуриза Өмүрбаеванын маегин, ырын окуй аласыздар. 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.