Жапондор башталгыч класстарга акылдуу ыкмасын үйрөтүүдө… Ал кандай ыкма?..

Жапондор башталгыч класстарга акылдуу ыкмасын үйрөтүүдө… Ал кандай ыкма?..

Күн чыгыш өлкөсүнүн билим берүүдөгү артыкчылыктары бизге да жуксун дейли-би…

Seishinsha Co. Ltd ( (яп. 株式会社 青心社 Кабусики-гайся Сэйсинся) жапон компаниясы Кыргызстанда агартуу, билим берүү тармагы боюнча иш-чараларды жүргүзүп келет. Күн чыгыш өлкөсүнүн билим берүү системасы ааламдагы алдыңкылардын бири болгондуктан, пикир алышуу, тажрыйба алмашуу, кызматташууну тереңдетүү бизге зарыл учур. Япониядагы биздин элчилик бул багытта бул компания өкүлдөрү менен тыгыз байланышта экендиги бизге маалым.

Компания өкүлү Мория Масахиро Ош шаарындагы башталгыч класстардын окуучуларынын билим деңгээлин, логикалык ой жүгүртүү дараметтерин, мугалимдердин математика боюнча жаңы ыкмаларды үйрөнүү мүмкүнчүлүктөрүн атайын байкоо, изилдөөлөр менен аныктоо долбоору менен түштүк тарапта болуп келгенин да билебиз.

Айтайын дегенибиз, кечээ жакында, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин, Jica жана Кыргыз-Япон борборунун уюштуруусу менен жогоруда сөз кылган башталгыч класстарда белгилүү бир сабактарды окутууну жакшыртуу багытында семинар өткөрүштү. Эмнелер сөз болду десеңиз, катышкандардын катарында болгон журналист Нуржамал Курманкулова эжебиздин “Сабак өтүүдө жапондук ыкмалар ылайык келеби?” аталыштагы макаласын сунуштайбыз…

Айтмакчы, биздин өлкөдө өз өкүлчүлүгүн 2000-жылы ачып, 24 жылдан бери артыкчылыктуу эки багытта долбоорлорду сунуштап, алгылыктуу иштерди жасап келе жаткан айтылуу Япон эл аралык кызматташтыгы агенттигинин (JICA) жетекчисинин ушул семинарга катышкан орун басары Такэхиро Андо кыргыз окурмандары, күйөрмандары үчүн комузда кол ойноткон өнөрү, кыргызчаны айрымдарыбыздан тилин безеп сүйлөгөнү менен жакшы тааныш…

Анда эмесе, кеп уландысы төмөнкү макалада…

Назира СААЛИЕВА

Сабак өтүүдө жапондук ыкмалар ылайык келеби?

Доор алмашып, адамзат алдыга умтулган сайын улам бир жаңы ыкмаларды өздөштүрүүгө кызыгуулар күчөйт. Улам адамга ыңгайлуусун тандап алып, улам өзгөртүп, андан жакшы натыйжа күтөт экен. Советтер союзу түптөлүп, элдин сабаттуулугун арттырууга басым жасалгандан тартып билим берүү тармагында ар кандай усулдар иштелип чыгып келген. Андан кийин бир программа жасалып, ошол ыкма, ошол билим берүү усулдары канчалаган жылдан бери иштеп келет. Совет доору өткөн чакка айланганы менен мектептерде билим берүү программасы анчалык өзгөрүп кеткен жок. Антсе да билим берүү тармагында эмгектенгендер жаңы программаларды киргизип, билим берүүнүн сапатын жакшыртууга умтулуп келишкен. Акыркы жылдардагы аракеттер өзгөчө көңүл бурууга чакырык таштап турат. Мектептерде пайдаланылып жаткан предметтик китептердин тартыштыгы, алардын жасалгаланышы, китептердин түзүлүшүндөгү мүчүлүштүктөр билим берүүдө ар кандай көйгөйлөрдү жаратып келет.

Изденүүлөр токтолуп калбастан дүйнөлүк мыкты усулдарды, окуу куралдарын, чыгаруудагы мыкты сапаттагы китептердин үлгүсү менен таанышуу күч алган учур. Ошондой сапаттуу, окуучуларга сабактарды жеткиликтүү түшүндүрүүгө ылайыкталган окуу китептерин чыгарып Жапон өлкөсүндө алдыңкы орунда турган Сейшинща компаниясынын өкүлдөрү биздин өлкөбүздө башталгыч класстардын окуучуларына математика жана табият таануу сабактары боюнча кошумча окуу китептерин сунуштоого кызыкдар болуп турат. Жакында эле Сейшинща компаниясынын өкүлдөрү жана Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрүнүн уюштуруусу менен семинар өткөрүлдү.

“Мектеп мугалимдери үчүн жапон стилиндеги академиялык тестирлөө жана потенциалды өнүктүрүү кызматынын семинары” аттуу семинарга өлкөбүздүн ар кайсы мектептеринен жүздөн ашуун мугалимдер катышты. Мектептерде башталгыч класстарда 1-4-5-класста окуган окуучулар үчүн ар кандай тесттерди даярдоо жана буга чейинки өткөрүлгөн тесттердин натыйжаларына токтолуу менен семинар катышкандар үчүн бир топ кызыктуу болду.

Сейшинща компаниясынын өкүлү Мория Масахиро семинардын катышуучуларына ыраазычылык билдирип, максатын түшүндүрө алды.

Андан кийин Кыргыз Республикасынын Билим жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиевге сөз берилди. Ал Кыргызстандагы акыркы жылдары билим берүү тармагында болуп жаткан жакшы жаңылыктарды айтып өттү. Былтыркы жылдан бери 147 жаңы мектеп курулса, анын 109 мектеби мамлекеттик бюджеттен, калганы ишкерлердин каражатына курулганын билдирди. Билим берүүнүн сапатын жакшыртуу максатында мындан ары 12 жылдык  орто мектептерде билим алышарын кубануу менен баса белгиледи. PISA багытына зор маани берилип, анын ичинде математика сабагы эң алдыңкы көрсөткүчтө турарын, бир сабакты окутууда үчтөн кем эмес китептер болушу керектигин, жапон билим берүү системасында  окуу куралдарын чыгаруучу компаниялар чоң мааниге ээ экендигин жана Сейшенща компаниясынын биздин өлкөбүзгө иштешүүгө келгенине ыраазычылык билдирди.

  Окуучулар үчүн өзгөчө математика сабактарында тестирлөөгө көңүл бурган бул компаниянын өкүлү Мория Масахиро мырза өз сөзүндө буларды айтты:

— Мен Кыргызстанга 2022-жылы келгем. Бир канча жылдан бери Кыргызстанда иш алпарып жаткан жапондордун эл аралык кызматташтык JICA агенттиги менен биргеликте иш жүргүзүп келем. Жапонияда окуу куралдарын чыгарууда 70 жылдык иш тажрыйбасы бар биздин Сейшенща компаниябыз мектеп окуучуларына кошумча окуу куралдарын чыгарууда демилгелүү компаниялардан. Өзгөчө математика илимин балдарга жаш кезинен тартып мыкты түшүндүрүү менен аны терең өздөштүрүүсүнө чоң өбөлгө боло алат деген ишеничтебиз. Кыргызстанда 5 мектепте эксперименталдык сабактар өтүлүп, тестирлөө жүргүзүлдү. 1-4-класстар арасында 127 окуучу, 117 ата-эне жана 11 мугалим бул сыноолорго катыша алды. Алардын ичинен 94 пайызы сабактар өтө кызыктуу өттү десе, 97 пайызы сабактардын мазмундуулугун баса белгиледи. 67 пайызы окуу китебине караганда, жапондук ыкмадагы сабактардын түшүнүктүүлүгү жакканын белгилешкен. Ата-энелердин 99 пайызы өздөрүнө жакканын сабактар ушундай ыкмада өтүлсө деп билдиришкен. Азыркы билим берүү системасындагы усулдар да канааттандыраарлык экенине токтолуу менен, антсе да, ушундай ыкмада окутсак балдарга жеңилирээк болор деген ойлорун айтышты. Билим берүүдө сабакты бышыктоо үчүн мындай ыкма жакшы экен. Балдарга жапонияда окутулган “Кивамеру” окуу куралын кыргызчага которуп бергенбиз. Бизде, Жапонияда, 1-3-класста бышыктоо, кайталоо материалдарына басым жасалат. Бизде окуган окуучулардын 13-15 жаштагылары жогорку мектепке 98 пайызы окуй алат. Жогорку мектепти окуп бүткөн окуучулардын 55 пайызы жогорку окуу жайларына оңой эле окуп кетишет.

7 жаштан баштап милдеттүү окуутуу жургүзүлөт.  Электрондук, санариптик окуу куралдары колдонулат. 

Жапон ыкмаларында (коучинг) 1-класстын окуучулары үчүн тесттерди чыгаруу. 5-класстын окуучулары үчүн тесттерди чыгаруу академиялык өнүгүүсүнө таасирин күчөтөт.

«Кивамеру» окуучуларды кызыктыра турган сабакка киришүүдөн башталат.  Экинчиси — балада суроо пайда болуу менен бирге иштөөгө кызыгуусу ойгонот. Үчүнчүсү — этапта эсепти чыгаруу менен ийгиликке жетишүү болот.  Ар бир окуучу берилген тапшырманы ар тараптан кароого мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Андан ары жапондордун ыкмаларында сабак кандай өтүлөрү туурасында тартылган 13 мүнөттүк видеолор көрсөтүлдү.

Кивамеру сөзүн мындай чечмеледи. Терең изилдөө. Демек окуучу берилген эсепти чыгарууда эсептин маанисин терең изилдөө менен аны натыйжалуу чыгара аларына көз жеткирет.

Борбор калаабыздын №10 мектебинен келген башталгыч класстын мугалими Чолпон Даниярова, № 54 мектептин мугалими Айзада эжекелерине бүгүнкү семинар  жакшы пикир калтырганын айтышты.

Дамира Сапарова 38-мектептен тестке ылайык китептер болсо жакшы болот экен. Биздин өлкөдо дагы ушул жагы колго алынса деген пикирин билдирди.

Ал эми КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү  Алмаз Токтоматов. PISA программасында тесттерде ар кандай суроолорго жооп берүдө маселени көп кырдуу кароо керектигин ошондо гана жетиштүү балл топтой аларын тактап түшүндүрүп айтып берди. Мисалы мындай суроо бар. Келгин куштардын канча экендигин волонтёрлор жакшы билеби же окумуштуу изилдөөчүлөр жакшы билеби? Анда Эрктүү жардамчылардын ар кандай кырдаалда байкабай каларын эске албай, алар жашы билет деп койсо эч кандай балл албай калат. Окумуштуулар ар бир куштун бутуна шакек кийгизишет. Келгин куштар өтө бийик учканда, алар кандай куш экенин волонтёрлор (Эрктүү жардамчылар) байкабай калышы мүмкүн. Ошондон улам PISA программасындагы тесттерде ар бир суроого терең ойлонуп аныктап алып жооп берүү керек.

Семинардын аягында, жапондук өкүлдөр кошумча окуу куралдары китептери менен иштөөнүн пайдалуулугун айтып, муну ар кайсы мектептерде окутуп, үйрөтүүнү эми коммерциялык негизде жүргүзөөрүн эске салышты.

Нуржамал КУРМАНКУЛОВА

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.