Сапарбек МУРАТОВ: «Фейсбуктагы» досторумдан жардам күтөм!»

Сапарбек МУРАТОВ: «Фейсбуктагы» досторумдан жардам күтөм!»
Кудайдын сыноосунда турган МУРАТОВ САПАРБЕК агабыз «Фейсбук» аркылуу кыргыз элине КАЙРЫЛДЫ:
Урматтуу «Фейсбуктагы» досторум, мен он күн ооруканага жатып чыктым. Ал жактан жакшы болбогондуктан, «Сиздики острый гепатит же хирургический» дешти. Анализдин баарын тапшырсам, «Гепатит В», «Гепатит D« чыгып калды. Кийин «цирроз печени» деген диагноз коюлду.
Бишкек шаарындагы Логвиненко-8 дарегинде боор боюнча профессор бар экен, ушул врач оорума акыркы точканы койду. Анын айтымында, тез арада Индияга барып, боорду алмаштырышым керек экен.
«Кайрымдуулук бол!» фондунун жетекчиси Азамат Байматов «38000$ же 4 миллион сом менен баары бүтөт» дейт. 
Мен билип, «Фейсбуктан» пикир алышып жүргөн досторум, баарыңыздардан жардам күтөм. Менин абалымды түшүнөсүздөр деп терең ишенем.
Урматтуу калдайган кыргыз элим, жардамга муктажмын.
МБанк: (0709) 83-87-99.
Сапарбек МУРАТОВ

Боорду алмаштыруу үчүн тез арада 38000 $ керек!

Урматтуу ага-ини, эже-сиңди, курдаш, замандаш, кесиптештер, качан кыргыз муктаж адамга кайдыгер карачу эле?! Качан кыргыз кыйынчылыкка адамды таштачу эле?!
«Көп түкүрсө көл болот» дегендей, келгиле, үмүт артып турган Сапарбек байкебизге 50 сом болобу, 100 сом болобу, жабыла жардам кылалы! МБанкына (0709) 83-87-99 колдон келген акча салалы!
Индияга барып боор алмаштыруу үчүн 38000$ же 4 миллион сом тез арада чогултуу керек экен. Мындай акча агабызда жок болгондуктан, аргасыздан элге кайрылып, үмүт артып отурат.

Урматтуу КЫРГЫЗ ЭЛИМ, колдон келген жардамыбызды аябайлы! Жок дегенде бөлүшүп коюңуздар!

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.