Президенттин кайрылуусу… Ташиевдин эскертүүсү… Баягылардын балдары… (ТИЗМЕ. ВИДЕО)

Президенттин кайрылуусу… Ташиевдин эскертүүсү… Баягылардын балдары… (ТИЗМЕ. ВИДЕО)

Садыр ЖАПАРОВ: «Шайлоого бийлик кийлигишпейт!»

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо ушул жылдын 17-ноябрына белгиленген. Үгүт компаниясы эртең (17-октябрда) башталат. Ошого байланыштуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-октябрда кайрылуу жасап, шайлоого бийлик кийлигишпесин, эгерде кийлигишсе, анда ал катуу жазага тартыларын эскертти: «Мен ушул жерден баса белгилеп айтып коёюн, шайлоо өнөктүгүнө бийлик кийлигишпейт. Бийлик шайлоого да, башкасына да кийлигишкен мезгил, кайсы бир талапкерди сүрөмөлөп, кайсы бирин өгөйлөгөн заман артта калды. Кимде ким шайлоого киришип, кайсы бир талапкерди сүрөмөлөгөн мамлекеттик кызматкер аныкталып калса, анда катуу жазага тартылат!»

Камчыбек ТАШИЕВ: «Шайлоого мамлекеттик органдар кийлигишпеши керек!»

Буга чейин Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев да мамлекеттик мекемелер шайлоого аралашпоону эскерткен. Ошондой эле ал өзү бийликте турганда анын “Ата-Журт — Кыргызстан” партиясы шайлоого катышпасын билдирген.

«Шайлоого бараткан партиялардын ар бир талапкерин кылдат текшерип чыккыла! Алардын криминалга, коррупцияга тиешеси болсо, же тууган-уругунун тиешеси болсо тизмеден чыгаргыла! Шайлоо маалында кайсы бир талапкер мыйзам бузуучулукка барса, ал мыйзам чегинде катуу жазаланат. Мамлекеттеги тазалануу шайлоолордон башталышы керек!» — деген эле Камчыбек Ташиев.

А бирок, баягылардын эле балдары, туугандары келатат…

Кесиптешибиз Айбек Бийбосунов шайлоого бараткан талапкерлердин тизмесин «Азаттыкка» алып чыкты.
Алсак, Жогорку кеңештин мурдагы «уялчаак» депутаты Камчыбек Жолдошбаевдин кызы Наргиза Жолдошбаева, Бакиев бийлигинде президенттик администрацияны жетектеп, кеӊешчи болгон, маркум Үсөн Сыдыковдун уулу,
Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Сыдыковдун  баласы Алымбек Бактыбеков, мурдагы мэр Азиз Суракматовдун баласы Айдар Суракматов, мурдагы башкы прокурор Камбаралы Конгантиевдин баласы Кубанычбек Конгантиев, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамира Ниязалиеванын кызы Айгүл Токомбаева шайлоого баратат. Дагы толтура… Анда эмесе, кесиптешибиздин иликтөөсүнө кулак салалы:

Шайлоого 39 партия катышууда…

Дагы бир жолу эскерте кетсек, 264 жергиликтүү кеңешке (анын ичинде 33 шаардык), 231 айылдык кеңешке депутаттарды шайлоо 17-ноябрда өтөт. Ага 39 партия катышууда. Үгүт өнөктүгү эртең, 17-октябрда башталат. Баласы, кызы, агасы, иниси талапкер болуп жатса, кызматта отурган атасы, агасы, апасы шайлоого кийлигишпейт деп ким кепилдик берет?..

Гүлгаакы ЖАКЫПОВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.