Эртең «Күү терапиясына» келиңиздер! (Дарек)

Эртең «Күү терапиясына» келиңиздер! (Дарек)

«Жашоомдун ээси ким?» күү терапиясы»

аттуу иш-чара 21-декабрда My hotelде. Саат 12:00до башталат.
Бул тууралуу күүнүн баасын, баркын, ыргагын, комузду кармоо, отурууга чейин эрежесин мыкты билген белгилүү комузчу Кенжебек Алдаяр билдирди.  Айтымында, жакшы, келечектүү иштер сөзсүз кыйынчылыктар менен ишке ашат!
Мундуз тууралуу…
Мундуз айым ар бир жаранга чын көңүлү, чын дили менен мамиле жасайт! Ошон үчүн ар убакта ийгиликтерди жаратууга Кудай берген ички кудурети жетет!
Кыргыз Күүсү жөнүндө азыркы маалда, тилекке каршы, маалыматтар өтө аз жана көпчүлүк биле бербейт. Ал эми Мундуз болсо кереметтүү алтынчы сезими менен бир Кудай берген Күүдөгү Кереметтерин сезип, туюп аны адамдардын аң-сезимин, саламаттыгын, ой туумун өстүрүүгө дамамаат жол көргөзүп, жеке өзүнө таандык усулдуктары менен өзгөчө натыйжалуу экенин иш жүзүндө далилдеп келүүдө!
Жараткан өзү жалгап, Мундуз жеке демилгеси менен өткөрчү Күү терапиясы адамзатынын Жашоодогу Ылдамдаткыч, Тазалагыч, Күчтөндөндүргүч Күч катары ачыкталган Убактысы болсун! Кыргыз Энең колдоп жүрсүн!
Кенжебек Алдаяр тууралуу:
Мундуз айым мындай дейт:
Комузчу, күүчү Кенжебек Алдаярдын чертүүсүндө комуз менен коштолгон 5 сааттык күү терапиясы болот. Бул практиканы агай менен бир нече жолу кылганбыз, абдан сонун жыйынтыктар болгон. Мисалы, адамдын эч кимге айтпаган, айткысы келбеген ички жарааттары бар, жашоодогу ар кандай окуялары бар, бала кездеги трамвалары бар ж.б.
Ушундай абалдан этнопсихологдун көрсөтмөсү жана жандуу күү угуу менен арылып, өзүңүздү жаңы бийиктикке өстүрөсүз.
Адам ички жарааттардан арылмайынча жаңы тепкичке көтөрүлө албайт!
Мындан да кызыктуу жана андан ары өз алдыңызча колдоно алчу техниканы жандуу жолугушуудан аласыз!

5 саат кыргыз күүлөрүн угалы!

Туугандар, күүнүн сырын, баа-баркын билген мыкты комузчулар турганда, кыргыз күүлөрү эч качан жоголбойт! Келиңиздер, кыргыз күүлөрүн угуп келели!
Назира СААЛИЕВА
P.S. Залкар комузчу Нурак Абдырахмановдун архивдеги маеги бул ШИЛТЕМЕде.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.