Рахат ЖУНУШБАЕВА: «Лифттер кыргызча сγйлөйт жана анда кыргыз кγγлөрγ гана жаңырат» (ВИДЕО)

Рахат ЖУНУШБАЕВА: «Лифттер кыргызча сγйлөйт жана анда кыргыз кγγлөрγ гана жаңырат» (ВИДЕО)

Ошентип ажыдаар жылы аяктарына саналуу кγндөр калды. Жылды жыйынтыктап мамлекеттик, мамлекеттик эмес мекеме-ишканалар, фирма-компаниялар, ишкерлер узап бараткан жыл ичиндеги жетишкендиктер, ийгиликтер, келечек иш-пландар боюнча массалык-маалымат каражаттары аркылуу коомчулукка кабарлап маалымат-жыйындарды беришγγдө.

Мына, бγгγн (23-декабрда) SKY Industrial Group компаниясы 2024-жыл алар  үчүн жемиштүү жыл болгонун, ийгиликтер жандап, жетишкендиктер менен жыйынтыктап жатышканын билдиришти. Аталган компаниянын негиздөөчүсү, жеке ишкер Рахат Жунушбаева ушул жылдагы жетишкендиктерин, 2025-жылдагы пландарын тизмектеп айтып, журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Алгач жыл ичинде жетишкендиктер тууралуу эки тасма менен тааныштык.

 

«2024-жыл – Sky Elevators үчүн жетишкендиктердин жана жаңы горизонттордун жылы болду!” деген Рахат айымдын айтымында, алар 2024-жылда маанилγγ бир катар долбоорлорду ишке ашырып, ата мекендик өнөр жайды өнүктүрүүдө, эл аралык инвестицияларды тартууда алгылыктуу кадамдарды жасап, инфраструктуранын өсγшγнө өз салымдарын кошо алышкан. Анын ичинде мамлекеттик ипотекалык γйлөр, ооруканалар жана башка бир топ объектилерге лифттер орнотулуп, ичинде кыргыз кγγлөрγ жаңырып, кайрымдуулук иштерден да четте калбай, мисалы, “Алтын балалык” борборуна лифтини белек катары бекер орнотуп беришкен. Көзгө толумдуу көп иштин бири ушул жылдын жаз айында “Скай Тунук” тазалоочу өндүрүш жабдыктары ишке кирип, алардын жардамы менен саркынды суулар кайра иштетилип, экосистема үчүн коопсуздукту жаратып, Кыргызстандын дарыяларын жана көлдөрүн таза сактоого чоң өбөлгө болду.

Ошондой эле Рахат айымдан эл аралык деңгээлде да иш чектери кеңейип, KITA (Корея эл аралык соода ассоциациясы) менен кызматташуу меморандумуна кол коюлуп, Түштүк Корея менен өз ара тыгыз байланыштарга жаңы жолдор ачылып, Россия Федерациясынын Соода өнөр жай палатасы менен кызматташуу алакалары түзүлүп, алар биз тараптын лифт куруу жана “Тунук” тазалоочу жабдууларын өндүрүүдөгү потенциалын жогору баалап, бул дагы болсо, Кыргызстан менен Орусия ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөдөгү маанилүү этап болгонун жана учурда Бишкек шаарындагы эскирген лифттерди жаңылоо боюнча шаардык мэрияга кат жөнөтγлгөнγн, сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын уктук. “Мындан тышкары, лифтти пайдалануунун борбордук диспетчердик кызматы түзүлүүдө. Анткени көп кабаттуу үйлөрдүн лифттери эскиргендиктен бузулуп калып, айрым учурда ичинде адамдар камалып калганы, жаракат алганы, бир адамдын өмүрү кыйылган кырсык да катталганы баарыңыздарга эле белгилγγ. Андай учурда диспетчерлер аралыкта туруп эле (бир мγнөттө) бузулган лифтини оңдоп, калыбына келтире алат”, — деди Рахат айым.

СУРОО-ЖООП: 

Андан соң ММК өкүлдөрү менен суроо-жооптор орун алды. Кесиптешибиз Эмилбек Момунов кызыктуу γч суроону узатты.

Рахат айым, салынып жаткан лифттердин сапатына, коопсуздугуна кепилдик барбы?

— Ири мамлекеттик курулуш долбоорлору үчүн биздин заводдун лифттери тандалганы чоң жетишкендик. Лифттердин сапаты, коопсуздугу эл аралык стандарттарга толук жооп берет, андыктан кепилдик бар.  «Sky Industrial Group» холдинги Бишкектеги лифттерди диспетчирлөөнү модернизациялоо боюнча заманбап сунушу менен бөлүшкөн, мындай системага коңшу өлкөлөрдүн баары кирген, бир гана Кыргызстан менен Тажикстан кире элек.

— Кадрларды кандай критерий менен тандайсыздар?

— Бүгүнкү күндө ишканада 150дөн ашык кызматкер эмгектенет. Лифт жасоо үчүн жогорку квалификациялуу адистер талап кылынат. Тилекке каршы, бул маселени чечүүдө Кыргызстандагы бир да жогорку окуу жай адистерди даярдап чыгарбаптыр. Ошондон улам, биздин компания өзүнүн окуу борборун ачып, адистерди даярдап чыгарууну колго алдык. 2025-жылы ишке ашырабыз деп турабыз. Алдыда дагы көп долбоорлорубуз, пландарыбыз бар.

— Саркынды сууларды эмнеге пайдаланса болот? Мисалы, менин тоок фермам бар. Аларды суу менен камсыздоо, бактарды суугарууга суу жетпейт. Шлангды көрсө эле жергиликтγγ мамлекеттик кызматкерлер, тимеле террорист кармагандай, ар нерсени жазып адамдын шайын оодарышат. Бул маселе боюнча биз сиздерге кайрылсак болот экен да?

— Албетте! Ири мекеме, ишканалардан тышкары жеке үй ээлери же беш адамдан кем эмес үй-бүлө мүчөлөрү жашаган жарандар, чакан ишкана ээлери “Скай Тунук” курулмаларын орнотуп, саркынды сууларды балык өстүрүүгө, огородун сугарууга же кайра эле ажатканага же башка керектөөлөрүнө пайдалана алат. Өзгөчө ичүүчү жана сугат суулар тартыш болгон жай мезгилинде, же сууну сарптагандыгы үчүн акы төлөөнүн баасы кымбаттаган, суу эсептегичтер аркылуу өлчөнгөн мезгилде суу менен акчаны үнөмдөөгө шарт түзмөкчү. Ал эми жогоруда айтылгандай, лифттерге жана саркынды сууларды тазалаган курулмаларга суроо-талап көбөйгөн  учурда жумушчулардын саны көбөйөт эмеспи. Эмил мырза, сиз биздин компанияга кайрылып, маселеңизди чечип алсаңыз болот.

7-канал: — Сиз лифттер кыргыз тилинде сγйлөйт жана кыргыз кγγсγ жаңырат дедиңиз… Бул кимдин идеясы?

— Албетте, биздин компанияныкы. Бул идеянын γстγндө биздин инженерлер менен биз эки жыл иштедик. “Кыргыз радиосуна” кайрылып, белгилγγ дикторлордун γндөрγн жаздырдык. Ошондой эле лифттерге белгилγγ комузчулардын кγγлөрγ коюлду.

ЭлТР: — 2024-жылы канча лифт чыкты?

— Кыргызстанда 150  лифт чыкты. 2025-жылы муну эки эсе көбөйтөлγ деп жатабыз.

Аягында «Кут Билим» медиа борборунун директору, тажрыйбалуу журналист Кубат Чекиров агабыз Рахат айымга бекем ден соолук, ийгилик каалап, Рахат айым да журналисттерди келе жаткан жаңы жылы менен куттуктап, ушундай жакшы долбоорлорду жайылтууда массалык маалымат каражаттарынын ролу зор жана чоң экендигин белгилеп, кызматташууга даяр экендигин билдирди.

Маалымат үчүн: Рахат Жунушбаева деген ким?

Албетте, айрымдарда ушундай суроо болушу да ыктымал. Ошондон улам, учкай токтолуп тааныштыра кетели.

Рахат айым 35 жашта. 1979-жылы 9-январда туулган. Жогорку билимдүү. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин эл аралык экономикалык байланыш адистиги боюнча аяктаган. Эмгек жолу котормочулуктан башталып, корей тилинен кыргыз тилине котормочу болуп иштеген. Андан соң, беш жыл (2004-2009) коммерциялык жайларды куруу жаатында жеке ишкер болуп тажрыйба топтоп, «HYUNDAI LIFT» ЖЧКсын, «Хюндай лифт монтаж» ЖЧКсын, “Хюндай Лифт Сервис» ЖЧКсын, «Кыргыз лифт ассоциациясы» коомдук бирикмесин, «ASMAN yurt resort» эс алуу жайын, «SKY Industrial Group» ЖЧКсын, «Хюндай Констракшн» ЖЧКсын, «Hyundai Elevators» компаниясын негиздеп, баарын өзγ жетектеген. Кыскасы, бир эле биз эмес, ар бир өлкөнүн экономикасынын Аялдардын ишкердиги аталган эң маанилүү тармагынын тажрыйбалуу өкγлγ…

Назира СААЛИЕВА

Сγрөттөр: Данияр ЖАРКЫНБАЕВдики

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.