“Шоро” компаниясын негиздеп, кийин улуттук ашканабызды дүйүм түргө толтуруп, дүйнөгө тааныткан, таштак жерди гүлзарга айлантып, «Супара», «Супара-Чуңкурчак» деген кыргыз жыттанган керемет этнокомплекстерди салып кеткен — кыргыздын жаратман уулу, ыраматылык жазуучу, публицист Таабалды Эгембердиев (Бердигул уулу) агабыздын өмүрлөш жубайы Жаңылсынзат Турганбаева кыргыз элин келе жаткан Жылан жылы менен куттуктап, ыраазычылыгын билдирди:
— Келе жаткан 2025-жылы «Супаранын» негизделгенине 16 жылдын жүзү болот. «Көч бара-бара түзөлөт» дегендей, «Супара»дагы «Супара Чуңкурчак», «Супара Талкан», «Кыргыз Сонундук», «Супара Интерактивдүү Музейи» сыяктуу бир нече жаңы бөлүктөрдөн турган чоң компанияга айланды.
Биздин өсүп-өнүгүүбүзгө сиздерге окшогон коноктор менен өнөктөштөрдүн салымы чоң. Туруктуу конок жана кардар болгонуңуздар үчүн алкыш айтабыз.
2025-жыл молчулуктун, токчулуктун жылы болсун! Элибизде ынтымак, жерибизде тынчтык болсун!
«Супарада» тез-тез амандашып туралы!
Жаңылсынзат ТУРГАНБАЕВА