Акын, котормочу Жыргалбек Касаболоттун «Сын китеби» жарык көрдү!

Акын, котормочу Жыргалбек Касаболоттун «Сын китеби» жарык көрдү!

Китеп текчеңизге…

Мындай жакшы жаңылыкты акын, котормочу Толук Бек Байзак «Фейсбуктагы» баракчасына жазды. Толугу менен төмөндө:

Кыргыз адабиятында жаңы жакшы жаңылык бар. Бул багытта аракет кылгандар ызы-чуусу же кыйкырыгы жок эле эмгек сиңирип келатышат. Айтайын дегеним, бүгүн эле белгилүү акын, котормочу, талдоочу жана публицист Жыргалбек Касаболоттун жаңы китеби жарыкка чыкты. Анын бул китебинде кыргыз адабиятындагы, кыргыз киносундагы жана кыргыз публицистикасындагы бир катар авторлордун эмгектери тууралуу ой толгоолору киргизилген.

Жыйнак гуманитардык багыттагы кыргыз интеллигенциясынын өкүлдөрүнө, студенттерге жана жалпы окурмандардын кеңири чөйрөсүнө арналат.

Китепти алууну каалагандар же ушундай китеп чыгарууну каалагандар түз эле мага, Толук Бек Байзакка кайрыла берсеңиздер болот. Менин байланыш телефонум: 0550380477

Даярдаган Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.