Коомдук ишмер Топчубек Тургуналиев эскерилет (Дарек)

Коомдук ишмер Топчубек Тургуналиев эскерилет (Дарек)

“Эр Манаска мураскер, келечекке данакер – Топчубек Тургуналиев”

деген аталыш менен эскерүүнү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу «Манас» улуттук академиясы өткөрүп жатат. Алардын маалыматына караганда, белгилүү саясатчы, коомдук ишмер, манас таануучу, «Манас» улуттук академиясынын негиздөөчүсү Топчубек Тургуналиевдин өмүр жолуна арналган бул эскерүү кечеде, анын материалдык эмес, руханий, маданий мурастарга арналган эмгектери, айрыкча “Манас” эпосун изилдөөдө жана жайылтууда кылган зор эмгектери, “Манас” улутттук академиясынын түптөлүшүнө кошкон салымы жөнүңдө сөз болот. Ошондой эле, маркумдун өмүр жолуна арналган сүрөт, басылып чыккан эмгектеринин көргөзмөсү уюштурулат. Эскерүү кечеге Топчубек Тургуналиевдин үй-бүлөсү, жакын санаалаштары, замандаштары жана бийлик өкүлдөрү катышат.

Дарек: Бишкек шаары. А.Осмонов атындагы Улуттук китепкана. Ч.Айтматов залы. 31-январь, саат: 10:00

Эгерде суроолор болуп калса, анда 0554 309454 номуруна чалып, ЭЛДАРга кайрылыңыздар!

Даярдаган Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.