Москвадан келген армандуу ыр: «Жарты жүрөк»

Москвадан келген армандуу ыр: «Жарты жүрөк»

Байымсыз 5 жыл…

Котормочу, акын, журналист, жазуучу, философ жолдошум Эрнис АСЕК уулу (1970-2020) 5 жыл мурун, 29-январда тγбөлγк уйкуга кетип сыздатты эле… Кычыраган кышта кайрылбас жакка кетти эле… “Кайрадан кыш. Ушинтип өтөт кγндөр. Ушинтип өтөт жылдар” деп жолдошум жазгандай, γшкγрγк менен ушинтип кγндөр, жылдар өтγγдө… 

Байымдын көзү өткөндөн бери өзү да, сөзү да, эмгеги да эскерилип, экинчи өмγрγндө жашап келатат. Беш жылдан бери эскерγγгө чакырып, жолдошумдун чыгармачылыгын чыгарып, жайылтып келаткан кесиптештерге (массалык маалымат каражаттарына), эскерγγ жазып, эстеп келаткан жакшы адамдарга терең ыраазычылык билдирем! Ар бириңиздердин эскерγγңγздөр баалуу… ар бириңиздердин жазганыңыздарды жашык жаным ыйлап окуйм… Баарыңыздардын эскерγγңγздөр “Эрнис Асек уулу” аттуу китепке кирди. Бул китеп да буйруган кγнγ чыгып калаар…

Мына, бу жолу дагы бир топ эскерγγ, бир топ ыр жакшы адамдардан редакциябызга келип тγштγ. 3 кγн (29-январда каза болуп, 31-январда жерге берилген) сайтыбызга жарыялайбыз! Кечээ Кубантай Эрназаров, Толук Бек Байзак, Жеңиш Эдигеевдин эскерγγлөрγ жарыяланган.

Москвада жашап, иштеп жаткан акын Максатай Исакова эжебиздин Эрнистин жаркын элесине арналган ырын жарыялайбыз. Бγтγн жγрөктγн жарымы жер алдында калып, жарымы жер γстγндө калып, минтип армандуу ырга айланып калаарыбызды кайдан билиппиз?.. Аттиң, дүйнө десе! 

Назира СААЛИЕВА

ЭРНИС АСЕК УУЛУНУН ЖАРКЫН ЭЛЕСИНЕ АРНАЛАТ

Укканымды саймердилеп айтайын,
Таза сүйүү бар экенин төкпөй чачпай баштайын
Сүйүшкөндөр бөлүнбөсүн жартылап,
Жарты жүрөк айрылганын жазайын!

Жарты жүрөк ыйлап турса туралбай,
Көңүлүмдү коё албадым буралбай.
Капилеттен тең бөлүнгөн жүрөктү,
Ырга коштум башка айла бере албай.

Жер үстүндө
жарты жүрөк алсыз согот бүлкүлдөп.
Жаздык суулап ыйлап чыгат диртилдеп.
Жер жамынган жарты жүрөк кантти экен,
Тең шеригин издедиби жарык издеп түркүлөп!

Жер тепкилеп, муштагылап жер урдум,
Боздоп-сыздап көз жашымды көл кылдым.
Кимге ишенип таштап кеттиң кайраным,
Жаздыгымдан жытың издеп аткан таңды түн кылдым!

Ак куулардай түгөй элек издешкен,
Айдың көлдө ай жарыкта тиктешкен.
Жарты кылып кимге мени калтырдың,
Түгөй элек көкүрөктөн сырдашкан.

Сенин сүйүүң өзгөчө эле, бай эле,
Сөздөрүң да ак сүйүүгө бай эле.
Кантип-кантип шум ажалга баш ийдиң,
Сен бар үчүн менин жашоом бар эле.

Кайраным оов, менин дартым ким билет,
Аткан таңым мунарыктап кеч кирет.
Дүкүлдөгөн көкүрөгүм канатып,
Жүрөгүмдү бөлүп кеттиң кескилеп…

 

Билегим сынды сабынан,
Жүрөгүм чыкты кабынан.
Билегим сынса таңылат,
Жүрөгүм түшсө салынат.
Келбес сапар аттанган,
Кайраным кайдан табылат?!

Максатай ИСАКОВА (Москва шаары, 29.01. 2025)

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.