Ишенбек СУЛТАНАЛИЕВ: «Муну өлкө жетекчилиги билбесе керек, адам ишенбей турган жорук»

Ишенбек СУЛТАНАЛИЕВ: «Муну өлкө жетекчилиги билбесе керек, адам ишенбей турган жорук»

«Инвестиция да керек, бирок…»

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кыргыз филология факультетинде 1989-жылдан бери үзүрлүү эмгектенип келаткан, Мидин Алыбаевдин поэзиясы боюнча илимий ишин жактаган филология илимдеринин кандидаты, профессор Ишенбек Султаналиев агайыбыз маданий баалуулуктарды, талантты баалаган, ар дайым калыс сөзγн айтып, бизге γлгγ болуп келаткан мыкты инсан. Бу жолу да Манас дегенде, четте карап турбай γн кошуп отурат. Агайыбыз социалдык тармактагы макалабыздын алдына төмөндөгγдөй комментарий калтырды:

Муну өлкө жетекчилиги билбесе керек, адам ишенбей турган жорук. Инвестиция да керек, бирок ал эч качан Манастан жогору турган эмес жана турбайт дагы. Балким өзүнүн улуттук духун, улуттук рухун жоготкондор үчүн баалуу эместир, бирок КЫРГЫЗ ЭЛИ ҮЧҮН БААЛУУ!

«Манас» академиясы буга чейин да көп иш аткарды, Талантаалы Бакчиевдин тушунда «Манас» эпосунан сырткары, «Эр Төштүк», «Эр Табылды» эпосторунун энциклопедиясы чыккан. Ага В.Радлов баш болгон жүздөгөн адамдардын илимий изилдөө иштери, эпостун варианттары, жана башка ушул сыяктуу баалуу маалыматтар кирген. Ал маалыматтарды чогуусу менен эч жерден таба албайсың. Миңдеген мектеп окуучулары, студенттер үчүн даяр окуу китеби. Эпоско кызыккан аспирант, магистрантар, жалпы эле коомчулук үчүн табылгыс булак. Керек болсо «Манас» академиясын каржылоону дагы кеңейтип, шарт түзүп берип, алардын алдына жаңы милдеттерди коюп, көтөрмөлөш керек!

***

Манаска тийишкен киши соо калган эмес, байкагыла, балдарым!

«Манас» улуттук академиясынын жаралышы… Жарлыктар…

«Манас» улуттук академиясынын жаралыш тарыхына токтолсок, академия «Манас» эпосун, кыргыз элинин маданиятын, Чыңгыз Айтматовдун көркөм, гуманисттик, философиялык-этикалык мурасын сактоо, жайылтуу, ар тараптан терең изилдөө сыяктуу максатта 2019-жылы түзүлгөн. Андагы президент Сооронбай Жээнбеков (2019-жылы 31-январда) “Манас” жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясын негиздөө тууралуу жарлыкка кол койгон. Алгач академияны коомдук ишмер маркум Топчубек Тургуналиев башкарган. Андан кийин манасчы Талантаалы Бакчиев (2021-жылы декабрда) дайындалып, 2024-жылдын 15-ноябрына чейин жетектеген. Учурдагы жетекчиси — Азиз Биймырза уулу.

2022-жылы аталган мекеменин макамы жогорулатылып, “Манас” улуттук академиясы болуп түзүлүп, Айтматовго байланыштуу изилдөө иштери Улуттук илимдер академиясына өткөрүлгөн.

«Манас» улуттук академиясы” мамлекеттик мекемеси «Манас» үчилтигин, кенже эпосторду, кыргыз элинин материалдык эмес маданий мурастарын ар тараптан изилдөө жана анын негизинде илимий, илимий-популярдуу, илимий-публицистикалык эмгектерди, мезгилдүү, тематикалык басылмаларды чыгаруу, мультимедиялык, окутуучу-агартуучу, таанып-билүүчү долбоорлорун иштеп чыгуу багытында иш алып барат» деген Жарлыкка президент Садыр Жапаров 2022-жылы кол койгон…

Академия Жарлыкта айтылган иштерди четинен ишке ашырып, бир топ жакшы иштерди жасашты… жакшынакай иштеп жатышкан жайынан козгошпосо, дале жасашмакчы… деген ойдобуз…

Инвестициялар боюнча улуттук агенттик таржымалы…

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу «Манас» улуттук академиясы жайгашкан имаратка барып отурукташып алган Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин таржымалына учкай токтоло кетсек, ал 2017-жылы түзүлгөн. 2021-жылы министрлик болуп өзгөрүп, ошол эле жылы октябрь айында кайра агенттик болгон. 2022-жылы мартта президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен ага «улуттук» макамы берилген. Президентке караштуу бул агенттик мамлекетке инвестиция тартуу, аны илгерилетүү максатта түзүлгөн. Анын жетекчиси жакында эле, тагырагы, 7-апрелде алмашты. Талантбек Имановдун ордуна Фархат Иминов келди. Ал Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты. 2015-жылы «Республика-Ата-Журт» партиясынын тизмеси менен депутат болуп келген, бирок 2018-жылы мандатын тапшырган.

***

«Манас» улуттук академиясы отурган имаратка Инвестициялар боюнча улуттук агенттик кирип алганын, учурда улуттук академияны көчөгө чыгаруу иши жүрүп жатканын, жогоруда профессор Ишенбек агай айткандай, «өлкө жетекчилиги билбесе керек, адам ишенбей турган жорук»… Андыктан күн ара коррупциялык ж.б. түрдүү былыктары чыгып, ар кандай даражада кызматкерлер кармалып жаткан азыркы учурда бул агенттик жана анын жетекчилери өзүм билемдикке барып жатат дей да албайсың… Балким…

Не дейбиз, үн кошкула деп элге, улутка чакырык таштабай эле чечилип калчу жагдай бар… Анткен менен буга чейин депутат Мирлан Самыйкожо, журналист, акын, котормочу, адабият талдоочу Жыргалбек Касаболоттун пикирлери жарыяланды. Баарыбыз эле улуттук академия отурган ордунда калышын каалап, γн кошуп жатабыз… Урматтуу мекендештер, четте карап турбай γн кошуңуздар! «Улутум — кыргыз, урааным — Манас!» деген кыргыздардан бололу!

Назира СААЛИЕВА

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.