Менин керемет айылым – Карой

Менин керемет айылым – Карой

Туулган жердин топурагы алтын деп бекеринен айтпаса керек. «Элин сагынбас эр болбойт, үйүрүн сагынбас ат болбойт», «Бөтөн элде султан болгуча, өз элиңде ултан бол», «Бака да өз сазын мактап ырдайт» ж.б. көп макалдар жер үчүн даңкталып айтылып калбаса керек. Канча акындар ыр арнап, канча жазуучулар өз жерин барктап, даңктап кагаз бетине түшүрбөсө керек. «Ааламга жол айылдан башталат» деп же бир ууч топурагын жыттап, алтынга тете көксөөсү күч болгон адамдар кездешкен. Мен ушул жазганымды да өз айылым тууралуу, айылымда өткөн жана жашап жаткан алтындай аталарым, балалык кездеги жаратылыштын керемет күчүн менин туюмумду, эпизоддорумду мисал кылып, ой-толгоолорумду баяндоого аракет кылдым.

Биздин айыл Султан Ибраимов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Карой айылы. Ал Токмок шаарынын өйдө же түштүк тараптагы тоо түбүндөгү кичинекей айыл. Карой деп ой жерде турганынан аталып калса керек. Карой деген айылдарды Кыргызстандын кээ бурчтарынан да кездештирүүгө болот. Айылым тоо түбүндө орун алган, малга жайлуу, сугат жерлүү тоо түбүндөгү керемет айыл. Айлымдын күн чыгыш тарабында Бурана суусу агат, түштүгү тоо жана Бурана өрөөнү. Өрөөндүн түндүк тарабында, 4 же 6 км ылдыйраакта Бурана мунарасы көрүнүп турат. Ал жөнүндө аталарыбыздан уламыштарды көп укчубуз. Кичинекей кезибизде тоок фермасы болор эле, азыр алтын мураска айланган тарыхый эстеликтерге кирген Бурана мунарасы.

Айылдын жанынан агып өткөн Бурана суусу бир убактарда күрүлдөгөн добушу алыска угулган, ал киргенде мектепке бара албай, чоңдор ат менен кезектешип өткөргөн убактар болгон. 60-жылдары айылдарды ирилештирүү саясаты жүргөндө, кичине айылдар чоң айылдарга көчүрүлсүн деген буйрук болгон. Бирок, ал буйрукка баш ийбей көчүрүлгөнү көчүп, көчпөгөнү отурукташып калышкан. Айылда элдин саны аз болгондуктан, дарылоочу жай, мектеп болгон эмес. Карой айлынын балдары Алчалуу айылына барып билим алышчу. Ал азыр Ысмайыл Борончиев атындагы орто мектеп. Мурункуча Алчалуу совхозу 6 айылдан турат: 1) Карой; 2) Талды-Булак; 3) Ленин жол; 4) Кызыл-Аскер; 5)1-чи Ленин; 6) Калиновка.

Калиновка алты айылдын борбору болуп эсептелинет. Ал азыр Кошой айылы деп аталат.

Учурда айыл аттары да өзгөрүлгөн, мектептер да таасирдүү адамдардын аттарына коюлган. Алчалуу совхозу — Султан Ибраимовдун ысмында. Албетте Султан Ибраимов менен алты айыл сыймыктанат. Өзүбүздүн жердешибиз деп өзүнүн жөнөкөйлүгү, акыл парасаты менен оозго алынган жана жогорку тепкичте турса да эң жогорку адамдык сапаты менен айырмаланган. Алты айыл бири-бирине дос, тууган, классташ, куда соөөк болуп чырмалышып, бир бутактан, бир тамырдан тараган адардар. Алты айыл алты касиетке ээ. Сонун акылмандар, эл башкаргандар, депутаттар, жазуучулар чыккан айылдардан турат.

Айыл өкмөтүндө эки орто мектеп болгон. Анын бири — Алчалуу айылындагы Алчалуу орто мектеби. Ал мектеп 40-жылдары курулган мектеп болуп, кийин класстын бөлмөлөрү көбөйүп, «п» формасында жайгашкан. Мага ыйык да, эң жакын да мектебим эле. Окууну бүткөндөн кийин бир жыл иштеп, кийин мугалимдик кесипти аркалап турмуштун узун жолуна аттандырган алтын уям эле. Азыр ал эки кабаттуу жаңы салынган мектепке көчүрүлгөн. Азыр ал мектепте иштеген эски мугалимдер кетип, алардын орду жаңы жаш мугалимдер менен толукталган. Биз окуучулук күндөрүбүздө «Чоңойгондо ким болосуң?» деп сурашса, 20 окуучунун 10у — мугалим, калгандары башкарма, зоотехник, агроном, учкуч, космонавт болобуз дешчү. Анда азыркыдай экономист, технолог, котормочу дегендер аз болчу. Ал убакта мугалимдин кадыры өтө жогору эле.

Менин биринчи мугалимим Сагын эжей болгон. Ал убакта биз үчүн Сагын эжей сабакты жакшы окуткан, кол жеткис, бийик адам болчу. Бир күндөрү эжей колонкадан эки чака суу көтөрүп баратса, «ой тобо, эжей да көтөрөт экен» деп таң калганбыз. Көрсө, ошондо алар сабак бергич, үйрөткүч адам катары көрүнсө керек. Кийин, жогорку класста немис тилинен берген Ыбыш агайыбызды бөлүп айткым келет. А киши убагында согушка катышып немис тилин жакшы өздөштүрүп келген экен. Кезегинде согуштагы эпизоддорду айтканда оозубуз ачылып, берилүү менен укчубуз. Агайдын күчтүүлүгүнөн немис тилин берилип жаттап, коркуп окучубуз. Ошондон улам немис тили факультетине барган кыздарыбыз көп эле. Орус тилинен берген Жантай агайыбыз, кыргыз тилинен окуткан Токтогул агайыбыз, химия сабагынан берген Социал эжейибиз, тилди окуткан Айдай эжейим, тарыхтан кийинчерээк окутса да, жакшы мугалим катары жүрөгүмдө калган Алмакан эжейим, өзүмдүн эжекем, атамдын карындашы Күлүпа эжекем да жүрөгүмдө калды. Кийин мугалим болуп Күлүпа эжекем менен чогуу иштешип калганда эжекемдин алдыңкы мугалим экенин билдим. Журналдагы мончоктой тизилген кол жазмасы ушул убакка чейин элестелет. Ичимен купуя мен да эжекемдей сыр-урматка ээ болгон мугалим болсом деп кыялданчумун.

Эми кеп баяным Карой айылы тууралуу болсун.

Мен айылдаштарымды бир бутактан тараган, тамыры терең дүпүйгөн бир чоң бакка салыштырам. Айылымдын тургундарынын бардыгы кытай уруусунан болушат. Өз ичинен кытай уруусу өз ара көп аталык уруулардан турат. Алар: кара-челек, элчибай, котур кытай болуп бөлүнүшөт. Булардын түпкү аталары бир болуп, андан тараган тукумдары Карой айылына гана эмес, башка айылдарга да тарап кеткен. Мисалы, Таласта, Нарында, Кара-Балтада, Чүйдүн бир топ жерлеринде отурукташкан. Менин чоң атам Айдаралы тукуму өскөн, элин баккан бала-бакыралуу чоң тукум болуп, 7 уулу болгон экен. Балдары согушка кетип, 3 уулунун экөө келип, жай турмуш кечиришкен. Калган балдары жаштары жетпей барбай калышыптыр согушка. Азыр алардын баары өтүп кетип, эң аягында атам кайтыш болду. Азыр тирүү турганда 85 жашка чыкмак.

Согуштан кийинки жылдары башкарма болуп, кадыр-баркы менен айырмаланган, Сталиндин саясатын туу туткан Койчубек атам тууралуу, мен көрбөсөм да, айылдаштарыман көп укчумун. А мен көрүп калган аталарым Абдыкадыр, Сабыралы, Жумабек, Ысманкул, өз чоң аталарым Долош, Кенжебай, Ыбырайым, Сөлкө, Эсенбай болушкан. Атамдын кыйышпас достору Бакай, Жузуке, Бектур атамдар эле. Алар өз айылында эмгекчилдиги менен айырмаланып, ынтымактуулуктун үлгүсүн көрсөткөн адамдар эле. Менин аталарымдан эл астында жүргөндөрү да, билимдүүлөрү да чыккан. Алар өз иштерине тың, маңдай терин төккөн эмгекчил болушкан. Менин атам Нурбек бирөөнү түк алдабаган, куулук-шумдуктан алыс болгон, колунан көөрү төгүлгөн уста, тасмалын кенен жайган адам болгон. Айылдаштарына стол, буфет жасап, жыгач үйгө оймо-чийме киргизип, анан дагы элдин эсинде калганы — арча бешик жасаганы эле. Атам жасаган бешигине көп бөбөктөр бөлөнгөн жана ушул убакка чейин айтылып жүрөт. Колхоздун башкармасы атам менен Окен байкемди бал челекчинин окуусуна Фрунзеге жибербегенде, балким дагы деле устачылык менен алектенет беле… Ошентип, мен эс тартып калгандаа колхоз Бурана өрөөнүнүн төр жагындагы Шоро жайлоосуна бал челекчи кылып жиберди. Тоо таянган секичеде орус курган, орус меши бар эки бөлмөлүү үйдө турчубуз. Колхоздо бал челек фермасы иштеген, анда 7, 8 бал челекчиден турган фермада, ар биринде 70-80 бал челек болчу. Башында бригадири турчу. Алар жай убакта биргелешип бал тартып, колхозго жыйнаган балдарын флягалар менен тапшырышчу. А мен болсо Шоро жайлоосуна каникул убагында гана барчумун. Атам бал челегин карарда жанында түтөткүчүн (дымарь) кармап турчумун. Ошондо быжылдаган сан жеткис аарыларды карап турган кызык эле. «Карачы, аарылардын эмгекчилдигин, акылдуулугун?» деп, челектин оозунда тосуп турган кичинекей аарыларды сөөмөйү менен көрсөтөөр эле. Гүл чаңын алып келгендерди киргизип, жалкоолорун же адашкан аарыларды эшикке түртүп кууп чыгышчу. Аарылар гүл бакчаны, тазалыкты, тынчтыкты сүйүшөөр эле. Тамеки тарткан, ачкыл жыттанган адамдарга абдан өч эле. Кечке жуук шуулдап учуп, уяларына кирип жатканы да өтө кызык болчу. Кээ бир атамдын достору чымындын богун жейсиңер деп тамашалашчу. «Жок, богу болбойт. Буттарына жабыштырып келет да, тили менен гүл чаңдарын аралаштырып рамкага же момго балды куят» деп актанчумун. Үйүбүз да, корообуз да бал жыттанып турар эле. Ошол убакта бала болуп айланамдын кооздугун элес албасам да, азыр бейиштин бир бурчунда жашаган турбайбызбы деп кетем. Кишинин белине жеткен түрдүү гүл чөптөрү, тынымсыз сайраган куштар, таш түбүнөн сойлоп чыга калуучу жыландар, тоо башында төтө жол менен чубалган эчки-текелерди, коендорду көп көрчүбүз. Гүлдөрүчү, бирөө тигип койгондой мандалак, коргошун гүлдөр, ышкындуу беттер — мунун баарын эстөө жомоктогудай.

Кийин бизди Шоро жайлоосунан бөлөк жерге, Карой айылымдын баш жагындагы тоо түбүндөгү алма-шактуу кооз жерге көчүрүштү. Атам балдарымдын окуганына, айлыбызга жакын десе керек. Алма-шактуу жер чын эле түрдүү сорттогу алмаларга толгон, сары өрүк, кара өрүк, алмурут жана сирень гүлдөрү аңкып турар эле. Булардын бардыгын согуштан кийин Сахара деген орус багбаны өстүрүп, кийин колхозго тапшырып көчүп кеткен экен. Бул жер Шоро жайлоосуна жетпесе да, өзүнчө ажайып кооз эле. Эки тарабында булак суусу акчу. Бакчабыз тоо этегинде эле же түптүз эле тоо башталып кетчү. Тоо кыялап басып калсак, Карой айылы, баскан кишилер, үйдөр дапдаана көрүнүп турчу.

Мен үйдүн улуусу болгондуктан суу алып келүү, айылга дүкөнгө баруу, сүт тарттыруу мойнумда эле. Эки чакага бөксөрөөк сүттү Сураке эжекемдикинен тарттырып кетчүмүн. Алар чалы экөө боз үйдө жашап, бардарчылык турмушта жашап өткөн мал-жандуу адамдар эле. Ошол жерден тээ алыс Алчалууга мектепке келээр элем. Айыл аркылуу кетпей, тоо кыялап колхоздун сарайында жашаган Ташбүбү досум кошулчу. Экөөбүз сайдагы суудан өтүп келчүбүз…

Андан бери билинбегени менен көп жылдар өттү арадан. Ошондогу кичинекей бөбөктөрүм чоң адамдардан болушту. Мен теңдүүлөр орто куракка, байкелерим айыл аксакалдарына айланышты. Өмүр бою шоферлукту аркалап, күжүлдөп иштеп партиянын солдаты болгон менин алтындай эң жакын Сарманбет байкем пайгамбар жашынан өтүп, ажыга барып ажы ата болгон кези. Азыр 60тан өтүп аксакалдардын катарын толуктаган Сүйөркул, Жолдош, Жеңиш байкелерим, мен курактуулардан Таштан, Омо, Курманбек, Салбар, Шахтылар, инилерим Шаршен, Орос, Эркин, Калыс, Бектен, Мураттар — кичинекей айылымдын тирөөчтөрү, акылга, күчкө, жашка толгон айылдын жүгүн аркалаган азаматтар. Айланайын айылдаштарым, амандыкта болгула. Кичинекей айылыман дагы келечекте депутат, министрлер, академиктер, эл башкаргандар өсүп чыгышсын. Чоң аталарымдын арбактары көз салып, иштериңер ийлигиктүү болсун.

Көп жылдар мурун айылыма болгон сүйүүмдү, эргүүмдү төмөнкө ыр саптарына чагылдырдым эле.

Анипа Айдаралиева,
«Асаба», 08.05.2014-ж.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.