Паспортуңду карай жүр да, “числосун” санай жүр!

Паспортуңду карай жүр да, “числосун” санай жүр!

Кыргызстандын жараны Үмүтай Даулетова Молдова мамлекетине учуп барган. Анын  паспортун бажы кызматкерлери дыкаттык менен текшерип, өткөрбөй коюшкан. Себеби, биздин кызыбыздын паспорту 2016-жылдын 29-февралынан 2029-жылдын 29-февралына чейин узартылган экен. Мындай маселе болгонун Үмүтай өзү Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

Үмүтайды интернеттен таап, сүйлөштүк. “Кыргызстандын бергени боюнча бул дата (29-февраль) календарда бар, ал эми мен учуп келген Молдова мамлекетинин календарында жок болуп чыкты. Эми турмушта боло берет экен, түшүнөм. “Кыргызстан страна чудес, а я –Алиса”. Эми Стамбулга учканы турам, ал жактан проблема болбойт го деген үмүттө турам” деп жооп берди.

Мамкаттоонун басма сөз кызматына байланышып, Үмүтай Даулетованын паспорт боюнча чет өлкөдө проблема болгонун айтсак, алар мындай жооп айтты:

Ал мамлекет мыйзам чегинде туура кылган. Себеби, ал кыз чет өлкөгө учардан мурда, алгач паспортунун датасын текшериши керек болчу. Анан пропискасы кайда болсо, ошол жактагы паспорт столго кайрылып, алмаштырып алса болмок. Департамент бул маселе боюнча иш алып барган, алар 4-5 ай мурда эле, так ушул “29-февраль” деп жазылып калган жарандардын аты-жөнүн тактап, “келип, алмаштырып кетиңиз, бекер эле алмаштырып беришет” деп жазып, үйүнө чейин кат жөнөткөн. Үмүтай Даулетова Бишкекке келгенде, пропискасы менен паспортун алмаштырышы керек. Дагы бир жолу кайталайм, бекер эле алмаштырып беришет.

Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.