Кыргыз-казак чегарасында абал мурдагыдай эле

Кыргыз-казак чегарасында абал мурдагыдай эле

Машинелер каз-катар тизилип, дале өтө жай жылууда. Ал жерде тургандардын журналисттерге берген маалыматына караганда, учурда “Ак-Тилекте” 300дөй, “Чоң капкада” 300дөй жеңил жана жүк ташуучу машинелер казак тарапка өтө албай токтоп турат. Ошентип, 10-октябрдан бери, 6 күн карапайым калк кыйналууда.

“С.Жээнбековдун утушу менен абалдын тез арада өзгөрүшү кыйын. Анын үстүнө Атамбаев шайлоо күнү да дагы казак бийлигине акаарат көрсөтүп койду”,- дейт билермандар.

Эскерте кетсек, 8-октябрда, ажо Атамбаев мамлекеттик сыйлык тапшырган күнү казак бийлигин каарып өткөн. Ошондон бери чек ара маселеси башталып, ортодо эл эле кыйналып турат. Тез арада кыргыз-казак чегарасы чечилбесе, ишкерлер дале миллиондогон чыгымдарга кабылышы турган иш.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.