Гүлзар КАДЫРОВА, Бекзаттын апасы: “Туугандар, 6 жаштагы жоголгон баламды табышып коюңуздар!”

Гүлзар КАДЫРОВА, Бекзаттын апасы: “Туугандар, 6 жаштагы жоголгон баламды табышып коюңуздар!”

Эсиңиздердеби, Жалал-Абад облусундагы Кара-Көл шаарынан 6 жашар Бекзат Жанапилов аттуу бөбөк ушул жылдын 16-апрелинде дайынсыз жоголуп, ата-энеси сүрөтү менен Вотсап аркылуу издөө салган. Алар эгиздин түгөйү Бекзатты ушул кезге чейин үмүт менен издеп келишет. “Көрүп, билип калгандар болсо” деп кайрадан элге кайрылышууда. Себеби, көзү ачыктарга барышса, Бекзаттын тирүү экенин, бирөө уурдап кеткенин айткан экен. Гүлзардын сөзүнө көңүл буралы!

-Гүлзар, буга чейин милициялар, Өзгөчө Кырдаалдар министрлиги кандай жардам кылышты жана кылышууда?

-Балам жоголгондон бери милиция, Өзгөчө Кырдаалдар министрлигине, Кара-Көл шаарынын мэрине, элге билдирип, издөө салганбыз, дагы эле үмүт менен издеп келүүдөбүз. ӨКМдин өкүлдөрүнөн эки жолу келип, дарыядагы сууну токтотуунун шартын түшүндүрүп кетишти. Балам жоголгон кезде биз жактагы дарыядагы суунун көлөмү көп болчу, ылайланып да турган. Андай чоң сууну дароо токтотууга болбойт экен. Жогору жактан уруксат алуулары керек экен. Эми алар деле аракетин кылып жатат. Өзүбүз суучулдарды (водолаздарды) чакырдык. Азыр суу тартылып калды. Эми токтотсо болсо керек, бир-эки күндө билинип калат го, буйруса.

-Орусияда өтүп жаткан “Битва экстрасенсов» телеберүүсүндөгү көзү ачыктарга барыптыр” деп уктук. Эгер барсаңыздар, анда алар Бекзат боюнча туура эле маалымат бердиби?

-Айла кеткенде, бардык жакка кайрылууга туура келет экен. Ооба, барбаган көзү ачыгыбыз калган жок. Күчтүү деген Фатимага чейин бардык. Орусиядагы “Битва экстрасенсовго” чейин бардык. Бардыгы эле “тирүү, бирөөнүн колунда” деп айтышууда. Өзүм деле эне катары жүрөгүм сезип турат, менин балам тирүү. “Кимдир бирөө уурдап кетти” деп эле ойлоп жатам. Себеби, балам агып жаткан шар сууга барбайт болчу. Ал үйдөн алыс эле жайгашкан. Бирок, ким билет, бала болгондон кийин ал жакка бардыбы деп да ойлоп кетет экенсиң. Бекзат чак түштө жоголуп жатпайбы. Түштө сыртка ойногону чыгып кеткен. 15 мүнөттүн ичинде эле таппай калып отурабыз.

-Үмүт үзбөй туралы, табылып калаар. Эне катары сизди түшүнүп жатабыз…

-Рахмат, баарыңыздарга. Көрүп, билгендер болсо, сураныч, бизге 0705 158842, 0772 158840 телефонуна билдирип койсоңуздар. Балам ошол күнү кызыл, кара сызыктуу жемпер, кара шым, кара түстөгү бут кийим кийип жүргөн. Туугандар, баламды табышып коюңуздар!

-Бекзат канчанчы балаңыз?

-Бекзат эгиздин түгөйү. Бекзат, Айзат үйдүн кичүүлөрү. Улуу балабыз 7-класста окуйт. Бир туугандары Бекзатты аябай сагынып жатышат. Баламды баарыбыз сагынып, куса болуп, болгон жерден издеп, тирүү таап алабыз деген үмүттө турабыз.

Урматтуу окурмандар, туугандар! 6 жаштагы Бекзатты көрүп-билгендер болсо, ата-энесинин телефонуна чалып коюңуздар!

(0705) 158842, (0772) 158840

Назира ЖАКШЫЛЫКОВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.