Адил ТУРДУКУЛОВ: “Бабанов кайтып келүүгө тийиш!”

Адил ТУРДУКУЛОВ: “Бабанов кайтып келүүгө тийиш!”

Адил Турдукулов активдүү жаран, курч-мурч жазган жазмакер. Кыргызстанга, анын ичиндеги ар бир маанилүү маселеге күйгөн мекенчил жигиттерибиздин бири. Мына, кечээ эле көтөрүлгөн маселе — “Кыргызстандагы мөңгүлөрдү сактайлы!” акциясына активдүү катышты жана катышып, “аягына чейин турабыз!” деп турган кези. Бүгүн Бишкекте боло турган Элдик Курултайдын Талас шаарында өтө турганын кечээ Адилден укканбыз. Биз маекти так ушул суроодон баштадык.

— Адил, мына бүгүн “Бишкекте Элдик Курултай болот” деп атып эле, ал кайра Талас шаарында өтө турганы боюнча маалымат таратылды. Аны болгондо да сен билдирдиң. Эмнеге андай бурулуш болуп кетти?

Курултай, жыйындар, Таласта болобу, Баткенде болобу, мамлекетибиздин бардык булуң-бурчунда өтүүсү мыйзамдуу көрүнүш. Аны өткөрүүгө Конституция жол берет. Эң башкы маселе — Курултайдын каерде өтүшүндө эмес, кандай маселелер көтөрүлүшүндө деп ойлойм. Курултайда Кыргызстандагы, азыркы учурдагы көйгөйлүү маселелер көтөрүлүшү керек! Анын ичинде чек ара маселеси, мурдубуздун учунда турган кыш мезгили, өткөөл саясый кырдаал жана башкалар. Андан кийин, системалуу саясый өзгөрүүлөр талкууланышы керек! Мен мындай сунуш киргизет элем: “област, район” деп жергиликтүү бийликти экиге бөлбөй, аларды 20га жакын аймакка кошуу зарыл. Анан аймактагы кеңештин укуктарын кеңейтип, аларга аймак башчысын шайлоого толук укук берилиши абзел. Ошол эле учурда, республикалык деңгээлде парламент эки палаталуу болушу керек. Алдыңкы палатага — азыркыдай эле партиялык тизме менен депутаттар шайланып келсе болот, бирок, азыраак сан менен. Ал эми үстүңкү палата болсо, “Курултай” деп аталып, ротация түрүндө ошол мен айтып жаткан аймактын кеңештин сенаторлордун атынан түзүлүшү керек. Ошондо биз партиялык диктатурадан арылып, жергиликтүү кызыкчылыктарын эсепке алууга жол ачабыз.

— Мамлекет башчысына, бийликке нааразы болгондо эле Элдик Курултай болот го. Атамбаевге да нааразычылык башталды. Ал 6 жылда эмне кылды деп ойлойсуң?

— Биринчиден, ал башкы маселе — бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп берди. Бул Борбор Азия мамлекеттин тарыхында биринчи прецедент. Бул анын тарыхый миссиясын аткаргандыгынын белгиси. Экинчиден, атаандаштык негизде, эркин шайлоону өткөзгөндүгү болду. Үчүнчүдөн, “Үркүндүн” 100 жылдыгын мамлекеттик деңгээлде өткөрүп, 7-ноябрды эскерүү күн деп белгиледи. Төртүнчүдөн, энергетика тармагын көз карандысыз негизге жеткирди. Бешинчиден, Өзбекстан мамлекети мамилени оң жакка бурганында болду.

Өзбекстан менен мамиле оңолгону менен Казакстан менен каршылашып калды. Мамилени кантип оңдойбуз эми?

— Биз өзгөчө коңшу мамлекеттер менен этият мамиле курушубуз керек. Жаңы шайланган президент өзүн көз карандысыз лидер катары көрсөткөндө гана Казакстан менен да мамиле оңолот деп ойлойм.

— Жаңы президент Жээнбеков оңойт деп ойлойсуңбу? Ал Атамбаевдин “мураскери” экени деле жашыруун эмес. Ал өзү да “Атамбаевдин жолун улайм” деп эле жатат. Демек, Жээнбековдун бул сөзү Атамбаев көмүскөдө жатып алып, аны да, өлкөнү да башкара береринен кабар берет…

— Эми негизи ал жаңы эле шайланды. Муну анын эң башкы атаандашы да тааныды. Жээнбековдун көз карандысыз саясатчы болоруна ишенип туралы, анткени, ал тээ 1995-жылы өз күчү менен Атамбаев менен кошо парламентке шайланган. Алдыда боло турган кадамына, ишине жараша сын тагалык…

— Жээнбековдун негизги атаандашы деп калдың. Ал Бабанов да туурабы? Бабанов жөнүндө азыр “келет, келбейт” деген сөздөр жүрүүдө. Сенин оюңча, ал келеби же ошол бойдон коркуп келбей коебу?

— Бабанов өзүнүн саясий келечегин ойлосо, мындан ары дагы саясатта калам десе, саясий күрөштү улантам десе, анда кандай гана тоскоолдуктар болбосун Кыргызстанга кайтып келүүгө тийиш. Эгерде ал кылмыш иши козголгондон кийин бийлик аны “камап коет” деп кооптонуп келбей койсо, анда ал саясий күрөшкө даяр эместигин көрсөтөт. Ал Кыргызстанга кайтып келбесе, анын «Республика» партиясында ажырым пайда болот. Парламенттеги фракциясы алсырайт, бөлүнүп-жарылат. Анан дагы чукул арада парламенттик шайлоо болуп калышы ыктымал. Мына ошого байланыштуу дагы аны келбесин деген негизде кылмыш иши козголуп жатышы да мүмкүн.

— “Парламенттик шайлоо болуп калышы ыктымал” деп атасың. Жогорку Кеңештин таркашына негиз барбы?

— Парламенттин тарашына Атамбаев жана анын тегерегендиги адамдар кызыкдар. Буга Сооронбай Жээнбеков жол бербейт деп ишенем.

Жээнбековго шайлоодо жакшы иштеп беришкен ага-ини Жумабековдор болду. Сабыр Жумабеков Жээнбековду аябай мактаганын баарыбыз эле көрдүк. “Агасынын ошол эмгеги менен Дастан Жумабеков спикер болду” дешүүдө. Дастан Жумабековдун спикер болуусун кандай кабыл алдың?

— Эми жаштар бийликке келгени туура. Бирок, кимиси кандай жол менен келип калгандары чынында суроо жаратат. Атамбаевдин каалоосу менен келгени Кыргызстанда эч кандай парламенттик система жок экенин белгиси.

— Атамбаев каалаган киши кызматка келүүдө. Шайлоодо каалаган кишиси келсе деле, Бабановду жамандап бүтпөй жатат. Ушунусу туурабы?

— Эми Атамбаев алы жеткен адамды жамандайт. Бабанов ага татыктуу жооп бере албасын ал билет. Мисалы, Атамбаевдин Мадумаровду сындаганын уккан жокмун. Анткени, аны Мадумаров ордуна коюп коерун жакшы билет.

Атамбаев адамды каршылаштырып койгонго да өтө шыктуу экен. Таластыктарды экиге бөлдү, Кенекеевди кызматка койду. Кенекеевдин Ак үйгө келгени туура болдубу?

— Дайыр Кенекеев Маммүлктүн башчысы катары БНКны (Бишкекская нефтяная компания – Бишкек муңайзат компаниясы) туура эмес жол менен сатканы үчүн кылмыш ишине тартылышы керек!

— “Кылмыш жообуна Сапар Исаков тартылышы керек!” деп айттың эле бир кезде. Ошол сөзүң дагы деле күчүндөбү, же өзгөрдүбү?

— Жок, ал сөз күчүндө. Дагы бир жолу кайталап коеюн. Сапар Исаков  көмүскө схема аркылуу көчмөн оюндарды өткөрүүдөгү “эмгеги” үчүн, Америкалык базага коррупциялык жол менен май-азык ташыган үчүн кылмыш жообуна тартылышы керек, акыры тартылат!

Маектешкен Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.