Сүннөткө отургузулган 1 жаштагы наристе көз жумду…

Сүннөткө отургузулган 1 жаштагы наристе көз жумду…

Бул окуя Казакстанда болгон. Бир күндө 3 баласын сүннөткө олтургузган үй-бүлө 1 жаштагы уулунан ажырап калганы тууралуу казакстандык сайттар жазып чыгышты. Алардын маалыматына таянсак, 3 баласын (улуусу 5, ортончусу 3, кичүүсү 1 жашта) бир күндө сүннөткө олтургузуу ниетте доктурду үйүнө чакырышкан. Балдардын энесинин жүрөгү бир жамандыкты сезип, бир жаштагы баласын олтургузууга каршы болуп, күйөөсүнө түшүндүрүп, кооптонгон. “Эч кандай коркунуч жок” деп жолдошу болбой эле кичүүсүн да сүннөткө отургузуп койгон. Ошондон соң, кенже баласынын абалы начарлап, катуу ыйлап жатып көз жумган. Врачтардын айтымында, наристе көп кан жоготуп койгон.

Нурсадык ОРМОНБАЕВ, психиатр: “Кесүүнү үйдө эмес, хириргиялык бөлүмдө жасалат”

Жогорудагы окуядан кийин, сүннөткө отургузууда баланын жашын сурап, психиатр Нурсадык Ормонбаевге кайрылдык.

Нурсадык Ормонбаев буларды айтты: “Кесүү-обрезание диний, улуттук (еврейлерде) жана медициналык болуп бөлүнөт. Кээ бир ооруларда (фимоз, парафимоз) мүчөнүн башы шишип, сезгенип ооруйт. Мындайда циркумцизия операциясы жасалат. Көп адистер балдарды 5 жашында олтургузуу оптималдуу деп эсептешет. “Эсине кирген балага түшүндүрсө болот” дешет. Ал эми кайсы жерде, ким жасаганын билбейт экенмин, балким, врач эмес, кустардык жол менен жасалгандыр. Адатта, хирургдар жасаган операция жакшы эле болот. Кесүүнү үйдө эмес, хирургиялык бөлүмдө жасалат. Жакшылап кан токтолгондон кийин (гемостаз) үйүнө жиберилет. Жаш баланын териси, кан тамырлары назик болот да”.

“Үч же беш жашында сүннөткө отургузуу керек”

Ал эми Ысык-Ата Территориалдык оорукананын хирургия бөлүмүнүн башчысы, тажрыйбалуу, мыкты хирург Нурахмед Токтокожоев болсо, баланы 3 же 5 жаштан сүннөткө отургузуу жакшы экенин билдирди. Сүннөттөн кийин баланы таза кармоону кошумчалады.

Бир жаштагы баланын кан тамырлары жакшы байланбай калса, кан көп кетип калса, көз жумушу мүмкүн”,- дейт.

Чубак ЖАЛИЛОВ, ажы: “Сүннөткө отургузуу парз катары каралбайт”

“Дин боюнча сүннөткө отургузуу сөзсүз керекпи?” деген суроону журналисттер диний аалым Чубак Жалилов ажыга узатышканда, ал мындай деп жооп берген: “Ислам дининде сүннөткө отургузуу сөзсүз парз катары каралбайт, бирок, отургузууну жагымдуу нерсе катары карайт. Бала ооруп жатканын айта алган кезден, башкача айтканда, 3 жаштан тарта отургузуу жагы жазылган. Андыктан 3-7 жаш аралыгында отургузса болот. Ырымдап кан чыгарып койбой, баланы толук сүннөткө отургузуу кажет. Анткени намаз окуу үчүн гусул даарат алганда жыныстык мүчөсүнүн башы толук ачылбай кир калып калса, даарат толук болбой калат”.

Сүннөткө отургузгандан кийин ата-эненин милдети

Кыргыздар балдарын сүннөткө отургузууну парз, милдет деп эсептешет. Көбүнчө так жашта отургузуу керек деген түшүнүктү карманышып, 3, 5, 7 жаштагы балдарын сүннөткө отургузууга алып барышат. Ата-энелер балдарын сүннөткө отургузууда этият болушу керектигин врачтар эскертишет. “Туш келди адистерге баланын өмүрүн ишенүү туура эмес. Тажрыйбалуу врачтарга алып баруу керек. Үй шартында туура эмес сүннөткө отургузгандан улам бала каза болуп калат.  Сүннөткө отургузгандан кийин, жарааты айыккыча зелёнка менен левомеколь майын сыйпап (күнүгө 1-2 маал), марганцовка менен 2 маал жууп туруу керек”,-дешет врачтар.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.