Түрмөдөгүлөр «мыйзамдагы уурунун» уулунун үйлөнүү тоюна акча чогултушту (Видео)

Түрмөдөгүлөр «мыйзамдагы уурунун» уулунун үйлөнүү тоюна акча чогултушту (Видео)

Москвадагы №5 тергөө абагында “кылмыш дүйнөсүнүн” өкүлдөрү өзбекстандык “мыйзамдагы ууру”,  Бахти Ташкентский каймана аты менен белгилүү Бахтияр Кудратиллевдин уулунун үйлөнүү үлпөтү үчүн камактагылардан 100 миң рубль чогултуп беришти.

 Бул тууралуу №5 тергөө абагында камалгандардын биринин аялы кабарлады. Бул маалыматты тастыктоо үчүн ал Telegram мессенжери аркылуу видео жазуу жөнөткөн. Ал абактагы 17 киши, анын ичинде күйөөсү Бахтияр Кудратиллаевдин баласынын үйлөнүү үлпөтү үчүн 100 миң рубль чогултуп берүүгө аргасыз болушканын айтты.

– Бахти деген аларга күн сайын чалып жатты. Кызыл спорттук кийим кийген кишинин аты Гирихан, ал камераны көзөмөлдөйт. Абактагылар акчаны Бахти менен байланыштамын деп өзбек тилинде сүйлөп жаткан Бобирмирзо Гулямовго беришкен. Бардыгы болуп камактагылар 100 миң рубль чогултушту. Мен 5 миң рубль бердим. Айрымдары мындан да көп беришти. Мен болсо бул акчага балдарымды бир ай бакмакмын, – деп даттанды аял.

Бирок Бахтияр Кудратиллаевдин шериктеринин бири бул маалыматты четке кагып, “мыйзамдагы ууруга” карата кутум уюштурулуп жатканын билдирди. Бирок ал октябрдын соңунда Бахтияр Кудратиллаев Ихтияр аттуу уулун үйлөнткөнүн тастыктады.

Бахти Ташкентский бир нече жолу соттолгон. Ага маңзат колдонуу, курал-жарак сактоо жана абактагы ички тартипти бузуу айыптары тагылган. (Видео)

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.