Башкы прокуратура 36,7 миллион сомго машина сатып алат

Башкы прокуратура 36,7 миллион сомго машина сатып алат

Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуу порталына жарыяланды. Анда Башкы прокуратура 36,7 миллион сомго машина сатып алары, тендер эки бөлүктөн турары жазылган. Биринчи бөлүгүндө 25 машинаны 15,7 миллион сомго, кийинчерээк 21 машинаны 21 миллион сомго сатып алары көрсөтүлгөн.

Башкы прокуратуранын кызматкерлери быйыл жыргашты. “Көк Жар” конушунан үй алышты. Эми минтип машина алганы турушат.

Акыйкатчы машинадан баш тарткан болчу…

Акыйкатчы Кубат Оторбаев 1 млн 577 миң 100 сомдук машинадан баш тартып, аны муктаж болгон балдарга берүү тууралуу чечим кабыл алып, каржы министри Адылбек Касымалиевге кат жолдогон. Катта акыйкатчы муктаж болгон балдардын жатак үйлөрүнүн кем карчын толуктоого которуу өтүнүчүн билдирген.

Мыйзам боюнча Акыйкатчыга машина алуу үчүн мамлекеттик бюджеттен акча бөлүнөт. Негизи Акыйкатчы 7 облусту түрө кыдырат, жол жаман, ага сапаттуу машина керек болчу. Ошого карабай, муктаж балдарды жогору коюп, баш тартты! Өзүнөн мурун балдарды ойлогон Акыйкатчыга бали деш керек!

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.