Депутаттар “Суу кодексине” каршы болуп жатканда, Зилалиев залдан чыгып кетти…

Депутаттар “Суу кодексине” каршы болуп жатканда, Зилалиев залдан чыгып кетти…

Ушул тапта Жогорку Кеңештин жыйынында «КРнын Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору 3-окууда каралууда. Бул жыйынга Өкмөт өкүлдөрү менен вице-премьер-министр Зилалиев катышып, депутаттардын суроосуна жооп берип жаткан. Рыскелди Момбеков, Каныбек Иманалиев, Алмамбет Шыкмаматовдор Зилалиевди жана Өкмөт мүчөлөрүн мөңгү суроосу менен жарга такашты. Ал боюнча депутат Шыкмаматов катуу сүйлөп киргенде, Зилалиев залдан чыгып кетти.

Бул маселе кечке маал добушка коюлат. Азырынча депутаттар каршы. Бирок, ушундай маанилүү маселе каралып жатканда депутаттар жокко эсе, парламентте аз санда гана эл өкүлү отурат. Кечке маал билебиз, өтөөр, өтпөсүн…

Зилалиев кеткенче мындай деген…

Д.Зилалиев: «Суу кодексине киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдүн баштапкы долбоорунда «Кумтөр» кениндеги «Сары-Төр» мөңгүсү да бар болчу. Бирок, Жогорку Кеӊештин депутаттары каршы болгондуктан, ал сунуш алып салынды. Азыркы мыйзам долбоорунда эки мөңгү – «Давыдов» жана «Лысый» мөӊгүлөрү гана камтылды. Андан башка мөңгүлөр жөнүндө сөз жок.», — дейт вице-премьер-министр.

Андан тышкары, ушу тапта «Давыдов» мөңгүсүнүн 45-50 пайызы, «Лысый» мөӊгүсүнүн 10 пайызы казылган карьер алкагына тушташ жайгашып калганы, эми ошолорду башка жерге көчүрүп, «Кумтөрдүн» ишин улантууга уруксат берүү зарылдыгы жаралганы белгилүү болду.

Элвира СУРАБАЛДИЕВА: “Экологиялык абал кандай?”

Депутат Элвира Сурабалдиева «Кумтөр» алтын кениндеги экологиялык абалга, анда жашаган жапайы жаныбарлардын санына кызыкты. Вице-премьер-министр Зилалиев кен иштетилгенге чейин бир дагы барс жок болгонун, 750 кийик жашаганын билдирди. «Экологиялык абал дурус эле. Ушу тапта кен иштетилген аймакта марал менен тоо эчкинин саны 2 миӊ 700дөн ашты. Андан тышкары, азыр 10 илбирс пайда болду», — дейт ал.

Эрзат МЫРЗА

One thought on “Депутаттар “Суу кодексине” каршы болуп жатканда, Зилалиев залдан чыгып кетти…

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.