“Дүйнө сулуусу – 2017” конкурстун жеңүүчүсү — Мануши Чхиллар

“Дүйнө сулуусу – 2017” конкурстун жеңүүчүсү — Мануши Чхиллар

“Дүйнө сулуусу – 2017” 67-эл аралык конкурсу Кытайдагы Хайнань курорттук аралында өтүп, жыйынтыкталды. Ага 118 өлкөдөн келген сулуулар (18 жаштан 26 жашка чейин) катышты. Баш байгени Индиядан келген 20 жаштагы модель Мануши Чхиллар жеңип  алды. 2-орунду – Мексиканка Андреа Меза, 3-орунду – Британиялык Стефани Хилл алды.

Баш байгени жеңип алган Индия сулуу бийкечи — Мануши Чхиллар экстремалдуу спорттун түрүн жактырат. Жакшы сүрөт тартат. Ыр жазат. Бош убактысында сүрөт тартып, ыр жазганды жакшы көрөт. Классикалык индия бийинен сабак берет.

Мануши модель болгону менен келечекте ата-энесинин (ата-энеси врач) жолун жолдоп, кардиохирург болгусу келет.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.