Аида Саляновага каршы “кара өзгөйлүктү” Сооронбай Жээнбеков уланта баштадыбы?

Аида Саляновага каршы “кара өзгөйлүктү” Сооронбай Жээнбеков уланта баштадыбы?

Мурдагы бийлик өз оюн билгизип, бийликке жакпаган оюн билдирип койсо эле, күч органдарды “агытып”, камакка алуу, сотко өткөрүү кадимкидей адатка айланып, авторитаризмдин үрөнү себилгенин дүйнөлүк коомчулук айтып келет. Ага далил сөз оголе көп. Арасында мурдагы башкы прокурор, мыйзам сыйлаган ЖК депутаты Аида Салянованын соту уланып келет. Инисин зөөкүрлүк менен чүмбөт тагынган “камуфляжчандар” атып кетип, жеке өтүнүч менен шаардык сот коллегиясы түшүнүү менен кабыл алып, Салянованын соту 5-декабрга жылдырылган эле. Анан эле жылан чакпай, жылкы теппей Бишкек шаардык соту ишти бүгүнкүгө коюп, сотко чакырышкан. Аза күтүп, кара жамынып олтурган депутат айым соттук териштирүүлөргө моралдык жактан даяр болбой, “кыркы өтсүн” деп жумушка да барбай (ИИМдин баяндамасын угуу үчүн гана барган) олтурганда, минтип жаңы эле келген бийликтин соттордун “кулак бураган” жоругу эч бир логикага сыйбайт. Сот бардык келтирилген жүйөөлөргө ынанып, 5-декабрга жылдырып коюп, анан эле шашылыш сот ишин уланткылары келгени эмнени каңкуулайт? “Телефон чалуу укугу” жайылган тапта, соттор кысымга алынганы айкын болуп турат. Демек, “Салянованын ишин” тезирээк  бүтүрүүгө кызыкдар тарап бар экени, жогорку жактан буйрук болгону түшүктүү. Ал — кеткен бийлик. Анан аны илгертпей аткарып жаткан азыркы бийликтин “кылыгы” – Өмүрбек Текебаев айткандай: “осурган кыз осурбаган кыздын бетин тытат” болуп жатканы да көз көрүнөө. Жаңы бийликке келген Сооронбай Жээнбековдун командасы (ал жок команда дейбиз да, бирок, алардын баары эле мурунку бийликтин адамдары, Атамбаев өзү кеткени менен калганын калтырып эле кетти да) өз алдынча болбой, жадыбалдай мурунку бийликтин жолоюн улап жатканы жакшы көрүнүш эмес чынында. Биринчи күндөн тарта өз алдынчалыгын көрсөтүшү керек эле. Тилекке каршы, 25 жылдан бери келаткан “баягы, баягы — бай кожонун таягы” негизги курал болуп жатканы өкүндүрөт.

Аида Саляновага козголгон кылмыш иши абсурд экенин жөн салды эле юристтер да айтышууда. Мыйзамды аткаргандыгы үчүн кылмыш ишин козгоо кайсыл өлкөдө болушу мүмкүн? Мыйзам иштебей, мамлекет башчынын “каалаганы” аткарылып калган авторитаризм өлкөсүндө гана болот. “Өлкөбүз өнүксүн, бир гана мыйзамга баш иели”, демек “элдин кулуна айланабыз” деген убадалар жөн гана сөздүн желине айланып калабы?

Болбой эле чакырышкандан улам, дагы да болсо мыйзамды сыйлаган депутат Аида Жеңишбековна эртең барууга белсенип турган учуру. Эртең саат 10:00до шаардык соту райондук соттун чыгарган өкүмүн карайт. Райондук сот Атамбаевдин убагында өкүм чыгарган. Эми шаардык сот жаңы бийликтин убагында ал жаңылыш өкүмдү күчүндө калтырса, анда жаңы бийлик, “Атамбаевдин жолун улайм” деп айткан Жээнбековдун сөзүн тастыктап коеру калетсиз. Андыктан, Жээнбеков Атамбаевдин кетирген кемчилигин кайталабай, “досум эле” деп анын жетегинде калбай, өз алдынча иш алып баруусу керек! Эгер Атамбаев жалган жалаа менен каматкан кишилерди мыйзам чегинде оңдоп кетсе, анда анын аты тарыхта алтын тамга менен жазылып калаар эле. “Үмүт артып турганда, ага суу себилбесе” деген аруу тилек кашкайып турган чагы.

Нази БАЯН кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.