Атамбаев Жээнбековго жашаган жерин, иш бөлмөсүн “араң” бошотуп берди

Атамбаев Жээнбековго жашаган жерин, иш бөлмөсүн “араң” бошотуп берди

Бүгүнкү күнгө чейин айрым интернет басылмалар 24-ноябрдан бери Атамбаев Жээнбековго “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясындагы президенттик үйдү жана андагы президенттин иш кабинетин бошотуп бербей жатканын жазышкан. Мындай маалыматты президенттин иш башкармалыгынын башчысы Турусбек Коёналиев четке кагып, “Азаттыкка”: “Ар кандай ушактарга ишенбей эле койгула. Жаңы президенттин иш кеңсеси, жашай турган турак жайы баары даяр. Буга чейин эми ал үйдө кичинекей ремонт иштери жүргүзүлдү. Негизинен бардыгы жакшы эле жашап жатышат. Президент эки иш кеңсесинде тең иштеп жатат. Экс-президент резиденциядагы башка үйгө көчүрүлдү”,-деген.

Анда эмне хан сарайды салдырып алды?

Эскерте кетсек, «Президенттин ишмердигине кепилдик» мыйзамына ылайык мамлекеттик резиденциядагы үйлөрдүн бири экс-президентке түбөлүктүү колдонууга берилет.

Ушундай мыйзамды, ошол жерде жашай турганын билип туруп Атамбаев анда неге Максим Бакиев басып алган жерине хан сарай салды? Хан сарайына канча деген акча кетти эле чиркин! Ал чындыкты айта калам деп Өмүрбек Текебаев камакка алынды. Атамбаевди Жээнбеков бул боюнча качан жоопко тартып, суракка алат жана жалган жалаа менен отурган Өмүрбек Текебаевди качан бошотот? 

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.