Америка Кадыровду «Магнитский тизмесине» киргизди

Америка Кадыровду «Магнитский тизмесине» киргизди

АКШнын Каржы министрлиги Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровду «Магнитский тизмесине» киргизди. Бул тууралуу мекеменин сайтына жазылды.

Министрликтин маалыматына караганда, Рамзан Кадыров бул тизмеге “адамдын эл аралык жактан таанылган укуктарын одоно бузганы” үчүн киргизилди. Санкциялык тизмеге Чеченстандагы Аргун шаарынын полиция бөлүмүнүн башчысы Аюб Катаев дагы кирген. Ал республикада кумсаларды кемсинтүүгө жана кыйноого алууга айыпталууда. Андан тышкары тизмеге Андрей Павлов, Алексей Шешеня жана Юлия Майорова аттуу орус жарандары дагы кошулган.

«Магнитский актысы» АКШ Конгресси тарабынан 2012-жылдын соңунда кабыл алынган. Улуу Британия дагы «Магнитский мыйзамынын» өз версиясына ээ. Ушундай эле мыйзамды ноябрда Канада менен Литва бийликтери да кабыл алышкан.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.