Депутат Канат Исаевдин соту уланууда

Депутат Канат Исаевдин соту уланууда

Бүгүн, 21-декабрда, ЖК депутаты Канатбек Исаевге байланыштуу иш Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда каралууда. Бүгүнкү соттук отурумда иликтөө иши башталып, сот тергөө ишин окуй баштады. Андан соң жарыш сөз болот.

Эскерте кетсек, Канатбек Исаевге кылмыш иши май айында козголуп, “Токмок шаарынын мэри болуп турганда «муниципалдык жер тилкесин жеке компанияга карматкан жана мэриянын башка кызматкерлери менен жең ичинен сүйлөшүп алып шаардык бюджеттен каржыланчу автобекетти курууну өзүнө караштуу ишканага берген» деп айып тагылган. Депутат мындай айыпты четке кагып, “саясый куугунтук” деп баалап келет.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.