Атамбаевдин аялы Раиса Атамбаева профессор болду!

Атамбаевдин аялы Раиса Атамбаева профессор болду!

Мурдагы мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева Жаңы жыл алдында, 29-декабрда, “профессор окумуштуулук” наам алганын азыркыга чейин ММКлар жазышууда. Бүгүн эле жазган “Азаттыктын” маалыматына таянсак, Р.Атамбаева Орусиядагы Н.А. Семашко атындагы илим изилдөө институтунда “Өспүрүм кыздардын репродуктивдүү саламаттыгын коргоо жана алардын калыптануусундагы медико-социалдык аспектилери” деген темада доктордук диссертациясын жактаган экен. Бул Кыргызстандын Жогорку аттестациялык комиссиясы тарабынан жактырылыптыр.

Андан тышкары, таңкалыштуусу Раиса Атамбаева 26 жылдан бери И.Ахунбаева атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында иштейт экен. Ал эле эмес, азыркы учурда академиянын Гигиеналык тартип кафедрасын жетектейт тура. Өтө таңкалыштуу, чынында. Себеби, Өмүрбек Текебаев 2017-жылдын  башында, андагы ажо Алмазбек Атамбаевдин калпын калпып чыгара баштаганда, аны менен кошо аялы Р.Атамбаеванын да үйдө отуруп алып эле кайдан, кандай акча «туудуруп» жатканын айткан эле. Ушундай ачуу чындыкты айта калам деп Өмүрбек Текебаев камалып, ак жерден абакта отурат. Негизи эле Өмүрбек Чиркешовичтин айткандары туура болчу, мисалы, мен ишенем! Эртерээк акталып чыгып, “жасалмаларды” ордуна коюп, Акүйдөгү Калпты кууп, Чындыкты төргө өткөрсө жакшы болот эле. Башка эч кимден үмүт жок! Ошентип, Алмазбек Атамбаев «Эл Баатыры» болсо, эми минтип аялы профессор болуп отурат!

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.