Казакстан жаранын Жогорку Кеңешке депутат кылганы үчүн тиешелүү адамдар жоопко тартылсын!

Казакстан жаранын Жогорку Кеңешке депутат кылганы үчүн тиешелүү адамдар жоопко тартылсын!

Казакстандын ИИМ өкүлү Алмас Садубаев Эл аралык “Казинформ” маалымат агенттигине депутат Дамирбек Асылбек уулу боюнча маек куруп берген. Бул маекте Жогорку Кеңештин депутаты Казакстандын жараны, казак экени тастыкталган.

Аталган агенттигине Садубаевдин берген маегинде, Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Дамирбек Асылбек уулунун улуту кыргыз эмес, казак болуп чыкканы, ал туулгандан баштап эле Казакстандын жараны экендиги айтылган. “Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин депутаты Дамирбек Асылбек уулу Жамбыл облусунун Кордай районунун тургуну, улуту казак. Ошол жерде чоңоюп, бой жеткенде, туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн негизинде, Казакстандын паспортун алган. Паспортунун мөөнөтү бүткөндөн кийин, Казакстандын паспортун 2010-жылы экинчи жолу алган. Казакстандын жарандыгынан чыгуу тууралуу Дамирбек Асылбек улуу эч качан арыз жазган эмес. Бул факт боюнча учурда кызматтык иликтөө жүрүп жатат”,- деп айткан Садубаев.

Учурда бул депутат Казакстандын камагында…

Эскерте кетсек, депутат Дамирбек Асылбек уулу 17-февралда, Казакстанда кармалып, ага Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси («Евразия экономикалык биримдигинин бажы чек арасы аркылуу мамлекеттик иш милдеттерин аткарууга ыйгарым укук алган адам тарабынан ири өлчөмдө товарлардын жана башка буюмдардын алынып өтүшү»), 264-беренеси («Трансулуттук кылмыш тобуна катышуу») деген айып тагылып, эки айга камакка алынган.

Башка өлкөнүн жаранын депутат кылганы үчүн тиешелүү адам жоопко тартылышы керек!

Кыргызстандын мыйзамдары боюнча, Жогорку Кеңештин депутаты болом дегендерге башка өлкөнүн жараны болууга уруксат жок. Анан кантип Казакстандын жаранын Кыргызстан Жогорку Кеңештин депутаты кылып койгон? «Мыйзам, мыйзам деп, жакшы мыйзам жазган киши Жогорку Кеңешке депутат болуп келүү керек» деп коебуз. Жогорку Кеңештин мыйзамчыларына ишенип олтурабыз! Мына, мыйзамчылардын кылганы, өздөрү мыйзамды тебелеп жатат. Жогорку Кеңештин айрым депутаттары бул депутат Казакстанда кармалгандан баштап, ага тынчсызданып. аны коргоп, «чыгарып алуу керек!» деген демилгени көтөрүп, парламентте  сөз кылганын баарыбыз эле көрдүк го. А эмнеге бул маселени алгач териштирип, тескеп, анан парламентке көтөрүп чыкпайт? Ушундан эле сабатсыз, эки жүздүү, шалаакы адамдар депутат болуп олтурганын көрсө болот. Мыйзамды тебелеп, башка өлкөнүн жаранын Жогорку Кеңешке депутат кылганы үчүн тиешелүү адамдар, аны жактап жаткан депутаттар жоопко тартылышы керек! «Кыргызстан» фракциясынан депутат болуп келген Дастан Жумабеков бүгүн спикер. Ал бул депутат боюнча кантип билбесин да, чара көрбөсүн. Келгиле, туугандар, бул тууралуу үн каталы, президентке, спикерге кат жазалы! Эгер президент, спикер бул боюнча үн катпаса, анда эле иштин бүткөнү…

Өз депутаттарыбызды кордоп, башканы колдоп атабыз

Жогорку Кеңеште ачуу чындыкты айткан, элге, жерге күйгөн, карапайым элдин маселесин көтөргөн депутаттарга иш козгоп, алардан мандатты тартып алып жатабыз. Жакынкы эле мисал, депутат Аида Салянованын мандатын Боршайком тартып алганы турат. Жок жерден сотко сүйрөшүп, эч бир далили жок, күнөөсү жок депутатты сот соттоп салды. Шыкмаматовчу? Ага да жок жерден жалаа жаап, сот жүрүп жатат. Эми Өмүрбек Текебаевди айтпай эле коелу, айтып отуруп тил тешилди. Азыр Өмүрбек Чиркешович Жогорку Кеңеште болгондо, баардыгын далилдеп, факты менен айтып бермек! Ал киши жок Жогорку Кеңеш дымып, «сынып», бийликтин оозун, көзүн карап отурат. Аттиң, өз адамдарыбызды кордоп, башканы колдоп жатабыз, уят! Ойгонолу, ойлонолу, көзүбүздү ачалы, кыргызым!

Эрзат МЫРЗА

One thought on “Казакстан жаранын Жогорку Кеңешке депутат кылганы үчүн тиешелүү адамдар жоопко тартылсын!

  1. Буга деиаттар эле эмес куч органдары да толук жооп бериш керек. Эмне себептен чон кызматка келе жаткан киши ОШОЛ эле ГКНБ, прокуратура , милиция дегендерден текшеруудон отпойт же талканын жеп алагнбы булар. Анан да партиянын лидери жоопко тарытылыш керек. Эгерде Сталин болгондо буларды жетелештирген бойдон атууга кетирмек. Ошондой болуш керек болчу негизи.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.