Чубак ажы ЖАЛИЛОВ: «Ошол кезде кылмыш иши мага негизсиз козголгон»

Чубак ажы ЖАЛИЛОВ: «Ошол кезде кылмыш иши мага негизсиз козголгон»

Чубак ажы Жалилов Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыкты жетектеп турганда ажылык зыяраттан түшкөн акча чыры боюнча “Азаттыкка” өз чындыгын айтыптыр.

Ажылык сапардагы акча чыры…

Эсиңиздерде болсо керек, Чубак ажы Муфтиятты (2010-2012-жылдары) жетектеп турганда чуулгандуу окуяга туш болуп, ажылык сапардан түшкөн акчага байланыштуу ызы-чуудан улам мөөнөтүнөн мурда кызматынан кеткен. Бул боюнча ажыга кылмыш иши козголуп, узакка созулган сот болгон, жыйынтыгында жеңип алган. Бирок, айрымдары ал иш аягына чыкпаганын айткан жана айтып келишүүдө.

Ажынын “Азаттыкка” айтканы…

Мына дал ошол чуулгандуу иш боюнча Чубак ажы өз чындыгын “Азаттыкка” билдирген. Анын айтымында, ошол кезде кылмыш иши ага негизсиз козголгон. Ажылыктан түшкөн салыкка байланыштуу козголгон кылмыш иши аягына чыгып, сот аны «күнөөсүз» деп тапкан. Жогорку Кеңештин Каржы комитети да муфтияттын ишине «туура» деген баа берген. «Жалилов 8 000 000 сомду жеп кетти» деп «Вечерний Бишкек» гезити жазып чыкканы үчүн аларды сотко берип, аягында айып пулга жыгып, соттон жеңип алган.

Ажылык сапардын баасы

Ажыга барууну каалаган кыргызстандыктар үчүн Сауд Арабиясы быйыл 5400 квота бөлгөн. Быйылкы зыярат август айына туш келип, зыяратчылар ажылыкка июлда жөнөй баштайт. Ажылык сапардын баасы — 2890 доллар.

Ажылык сапардан салык алынбайт

Муфтияттын Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасы Жунус Сарановдун айтымына караганда, “100 доллар уюштуруу иштери үчүн” деп муфтиятка жыл сайын ар бир ажыдан түшөт. Башка каржылоо булактары жок болгондуктан мекеме дал ушул акчанын эсебинен жашайт. Жогорку Кеңеш “ажылыктан салык алынбашы керек” деген чечимди 2014-жылдын 12-февралында кабыл алган.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.