Бүгүн Жогорку Сотто Салянованын соту болот

Бүгүн Жогорку Сотто Салянованын соту болот

Экс-депутат, экс-прокурор жана мурдагы юстиция министри Аида Салянованын 3-майдагы Жогорку Соттогу сот жараяны адвокат ооруп келбей калганына байланыштуу бүгүнкүгө жылдырылган. Бүгүн сот саат 14:00до болот.

Эскерте кетсек, Аида Саляновага былтыр Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси боюнча («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган») айып тагылган. «2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү деген Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес» деген айыптын негизинде Бишкектин Ленин райондук соту 2017-жылы 10-октябрда Салянованы беш жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган. Мындай чечимди Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган. 3-мартта БШК Аида Салянованы депутаттык мандаттан ажыраткан.

Соттордун чечимине экс-депутат макул эмес, бул соттук ишти «саясий буюртманын» негизинде козголгон деп эсептейт. Көпчүлүк саясатчылар, коомдук ишмерлер жана жарандар туура эмес чечим болгону боюнча айтып келет.

Экс-президент Отунбаева Роза Исаковна Аида Жеңишбековнага туура эмес чечим болгону боюнча президент Жээнбеков Сооронбай Шариповичке кайрылуу жасады. Ал кайрылууну бул ШИЛТЕМЕден окусаңыз болот!

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.