КСДП: “Жээнбеков убадалаган “Кыргыз Эл баатыры” сыйлыгын Атамбаев али ала элек”

КСДП: “Жээнбеков убадалаган “Кыргыз Эл баатыры” сыйлыгын Атамбаев али ала элек”

Бул тууралуу Кыргызстан социал-демократиялык партиясынан да, президенттин аппаратынан да ырастаганын “24 kg” жазып чыкты. Алардын маалыматында экс-президент Алмазбек Атамбаев президент Сооронбай Жээнбеков убадалаган “Кыргыз Эл Баатыры” сыйлыгын али ала элек экен. Акүйдүн билдирүүсүндө, азырынча Алмазбек Атамбаевге сыйлыкты тапшыруу буйрук боло элек. «Мындай сыйлыктар салтанаттуу жерде тапшырылат. Сыйлык азырынча бизде турат»,-деген алар.

Атамбаев бул наамга татыктуубу?

Эсиңиздерде болсо керек, Сооронбай Жээнбеков инаугурацияда толкунданып кеттиби же досуна ыраазы болдубу, айтор, ал ошондо Алмазбек Атамбаев жогорку сыйлыкка татыктуу экенин айтып, биринчи эле буйругу  — ага «Кыргыз Эл Баатыры» жана «Ак-Шумкар» орденин берерин айтып, 27-ноябрда  сыйлык ыйгаруу буйругун чыгарган. Президент буйрук чыгарганы менен Кудай жалгап тапшыруу буйругун чыгара элек экен. Ал буйругунан баш тартып койсо эл ыраазы болот, наамды берсе нааразы болот. Себеби, Атамбаев мындай жогорку сыйлыкка татыктуу эмес! А сиз кандай ойдосуз окурман, Атамбаев бул наамды алыш керекпи же жокпу?

«Кыргыз Эл Баатыры» наамын берүүнү Сайдулла Нышанов көтөрүп чыккан

Ал эми азыр агынан жарылып жаткан парламенттеги депутаттар (Атамбаев бийликтен кеткенден кийин кыйын болуп сүйлөп атышпайбы, ал кете электе «балык» эле болуп отурушчу эле го, анын буйругун аткарып… Депутат Жанар Акаев айткандай, анда чындыкты айтып чырылдаган аз эле депутат болчу — авт) ушул сыйлыкты С.Нышанов көтөрүп чыкканда кош колдоп, макул болушкан эле. «Ата Мекен» фракциясында депутат болуп келгени менен Сайдулла Нышанов Алмазбек Атамбаевди жакшы эле колдоп, аны менен чет өлкөгө чейин барып жүрдү. Ошон үчүн «Кыргыз Эл Баатыры» наамын бериш керек!» деп парламентте кыйкырып, биринчилердин болуп көтөрүп чыккан. Эмне үчүн бериш керектиги боюнча айтканын бул ШИЛТЕМЕден окуңуздар!

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.