Дарыгер Туйгунаалы Абдраимов Чүйгө башчы болду

Дарыгер Туйгунаалы Абдраимов Чүйгө башчы болду

Кесиби боюнча дарыгер, медицина илимдеринин кандидаты, Саламаттык сактоо министри, Түштүк Кореядагы Кыргызстандын элчиси, Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы кызматтарын аркалап келген 60 жаштагы Туйгунаалы Абдраимов мамлекеттик кызматка кайрадан кайтып келди. Тагырагы, ал Чүй облусундагы Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бүгүн премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев буйрукка кол койду. Т.Абдраимовду Чүй облус аппаратына биринчи вице-премьер- министр Кубатбек Боронов тааныштырды. Буга чейин бул кызматта Улан Карагулов отурган.

Айгерим АЛТЫМЫШОВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.