Президент Сүймөнкул Чокморов, Төлөмүш Океев бүткөн мектепке барып, белек берди (ВИДЕО)

Президент Сүймөнкул Чокморов, Төлөмүш Океев бүткөн мектепке барып, белек берди (ВИДЕО)

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Бишкек шаарындагы А.Молдокулов атындагы № 5 Улуттук компьютердик гимназиянын окуучулары жана бүтүрүүчүлөрүнүн акыркы коңгуроо салтанатына катышты. Мамлекет башчысы бүтүрүүчүлөрдү куттуктап, бүгүнкү күндө республиканын 60 миңге жакын бүтүрүүчүлөрү орто мектепти аяктап жатканын эскертти.

Президент мектептин тарыхына токтолуп, анын 90 жылдан ашкан санжыралуу тарыхы бар экенин белгиледи. «Билим берүүгө бюджеттен жылына миллиарддаган сомдор жумшалып жатат. Биз келечегибизге инвестиция кылып жатабыз, себеби биздин келечегибиз бүгүн мектеп партасында, студенттик аудиторияларда олтурган жаш кыргызстандыктарга байланыштуу. Биз өлкөбүздүн алыскы аймактарынан келген балдарга татыктуу билим берүүгө умтулуп жатабыз. Кыргызстан — илим-билимге умтулган жаштардын мамлекети! Мекениңерди — Кыргызстанды кадырлагыла. Мамлекеттин келечеги силерсиңер! Турмуш жолу сыдыргыга салгандай түз болбойт. Турмуштун утурумдук кыйынчылыктарына моюн сунбагыла. Көздөгөн максатыңар үчүн тынымсыз, талыкпай күрөшкүлө! Ар дайым алдыга — жакшылыктарды карай, билимге, жаратмандыкка умтулгула. Мезгили келгенде мамлекеттин тагдыры силердин колуңарга өтөт. Ошол жогорку милдетиңерди татыктуу аткарасыңар деп ишенем! Жолуңар ар дайым ачык болуп, чоң турмушка сапарыңар байсалдуу болсун!,-деди президент.

Аягында, Улуттук гимназиянын директору Муратбек Касымалиевге компьютердик класс үчүн техника алууга сертификат тапшырды. Бүтүрүүчүлөр менен баарлашып, каалоо-тилектерин айтып, аларга «Манас» эпосун белек кылды.

Тарыхы бар мектептен атактуулар билим алган

Атактуу мектептен белгилүү киноактер Сүймөнкул Чокморов, чыгаан кинорежиссер Төлөмүш Океев, мамлекеттик жана коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаков, залкар адабиятчы жана ойчул Салижан Жигитов, легендарлуу парламенттин спикери Медеткан Шеримкулов, көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Апас Жумагулов жана башка көптөгөн белгилүү инсандар билим алган.

59 463 окуучу мектепти бүтүрдү

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, быйыл Кыргызстанда 59 463 окуучу мектептин 11-классын бүтүрүп, 9-классты 93 874 бала аяктады.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.