Наристени аеосуз тепкилеген зөөкүр эне, видеого тарткан канкор ата табылып, камакка алынды

Наристени аеосуз тепкилеген зөөкүр эне, видеого тарткан канкор ата табылып, камакка алынды

Өткөн жумада, 26-майда кичинекей наристени аеосуз тепкилеген эненин видеосун коюп, жазганыбызда аны 20 миң окурман окуп, көрүп, зөөкүр энени таап,  аларды тезинен жоопко тартууну талап кылышкан. Ал видео бизде эле эмес, Казакстанда да катуу талкууга алынып, дүйнөгө дүң болду. Социалдык түйүндөгү адамдардын талабы аткарылып, аеосуз сабалган наристенин ата-энеси табылып, камакка алынды. Бул тууралуу Казакстандагы “Спутник” сайты жазып чыкты.

Куурчак эмес, кичинекей кыз болуп чыкты…

Дегенибиз социалдык түйүндө отургандардын айрымдары “бул бала эмес, куурчак” деп да жазып чыгышкан. Куурчак эмес эле, он айлык тирүүлөй кыз болуп чыкты. Күнөөсүз, алсыз кызын тепкиге алган зөөкүр аял наристенин 28 жаштагы — өз энеси, отуруппу же чалкалап жатып алыппы, айтор, камырабай видеого тарткан зөөкүр эркек — өз атасы болуп чыгып, элдин кыжырын ого бетер кайнатты.

Перудагы зөөкүр ата-эне

Бул окуя май айынын башында эле Перуда болгон экен. Ал жерде жашаган таш боор ата-эне тартылган видео дүйнөгө тарап, эл талап кылгандан кийин камакка алынган.  Ага сүйүндүк, аеосуз сабалган наристе тирүү калбай, энесинин колунан көз жумганын угуп, күйүндүк. Албетте, тирүү калмак эмес. Он айлык кызын чалкалап жаткан жеринен он жолу лакыйган буту менен (анда дагы күч менен) тепкилеп, анан колунан алып дубалга бир чаап, анан полго алып келип, көмкөрөсүнөн жаткырып катуу бир нерсе менен артына чаап, колуна бычак алганда күйөөсү чакырып калган жеринен видео бүтүп калат.  Кандай гана таш боор, зөөкүрлөр…

Кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп коюп, уялбай туруп: “кызым оорудан өлдү”,- деп арыз жазган. Жазганы менен интернетке жайылган видео төп келбей, ошонун негизинде канкор ата-эне кармалып, камакка алынды. Алардын камалганын уккан көпчүлүк калктын көксөсү сууп калганы менен күнөөсүз наристенин чарчап калганын угуп, кейип турган чагы.

Бардык жерде видео өчүрүлдү

Зөөкүр ата-эне кармалып, камакка алынгандан кийин, тартылган видео бардык жерден алынып, өчүрүлдү. Дүйнөлүк эч бир сайтта, эч бир жерде жок. Жүрөктү оорутпай туура эле го…

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.