Акыйкатчы Кубат Оторбаев эртеңки сотто Карганбек Самаковду толук актоону өтүнөт

Акыйкатчы Кубат Оторбаев эртеңки сотто Карганбек Самаковду толук актоону өтүнөт

Экс-депутат Карганбек Самаковдун кезектеги сот отуруму эртең, 1-июнда Бишкек шаардык сотунда, саат 10:00до болот. Эртеңки сот отурумда К.Самаковдун толук акталышын акыйкатчы Кубат Оторбаев өтүнөт. Тагырагы, К.Самаковдун иши боюнча президент Сооронбай Жээнбековго, Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаевага жана башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго кайрылуу жазды.

Кайрылууда К.Оторбаев акыйкатчынын өкүлдөрү К.Самаковдун үч жылга созулган соттук териштирүүлөрүнө катышып, талдоо жүргүзүшкөндө ага иш негизсиз козголгонун, анын күнөөсү жоктугу далилденгенин, жерди трансформациялоонун өзүн кылмыш деп кароо мүмкүн эмес экенин, сотто келтирилген зыян да, жапа тарткан тарап да аныкталбаганын, тергөөдө кемчиликтер болгонун, далилдердин бурмалоо болгону баса белгилеген. Ушулардын баарын эске алуу менен кезектеги сот отурумунда Карганбек Самаковду толук актоону өтүнөт. Аны менен бирге Кубанычбек Самаковго, Урмат Нурдиновго, Эрнис Койчумановго, Аликбай Сариевге, Абай Таштанбековго карата да акыйкаттык, мыйзамдуулук орнотууну, абактан чыгарууну суранат.

Эскерте кетсек, К.Самаковду былтыр 19-декабрда Бишкектин Октябрь райондук соту «Жер тилкесин мыйзамсыз трансформациялаган» деп айыптап, күнөөлүү деп таап, 10 жылга эркинен ажыраткан. Аны менен кошо уулу жана төрт санаалашы да сегиз жылга кесилген. Бул кылмыш иши боюнча экс-премьер-министр, депутат Игорь Чудинов менен мурдагы вице-премьер-министр Искендербек Айдаралиевге айыппул салынган.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.